Баткенде бузулган 422 турак жайдын 332и колдонууга берилди
Баткенде 332 турак жай колдонууга берилди. Бул тууралуу ппрезиденттин маалымат кызматы билдирет. Белгилей кетсек, Тажикстандын 2022-жылдын сентябрь айында кол салуусунда 422 үй бузулган. Анын 418и жаңыдан курулуп, 4 үй капиталдык ремонттон өтүүдө. Калган 86 үйдүн толук курулушу мартта аяктайт.