Мектеп: ата-энелерден акча чогултулбашы керек
Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевге ата-энелерден мектепти оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди (бор, чака, тряпка, ж.б.) сатып алууга акча чогултулбасын деген тапшырма берди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымына караганда, мектепти оңдоп-түзөө жана керектүү нерселерди сатып алуу республикалык бюджеттен каржыланат.