Казакстан Кыргызстандын нотасына жооп берди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 20-сентябрда казак лидери Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстандагы президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин бири менен жолукканына нааразы экенин белгилеп, Казакстанга нааразычылык нотасын жөнөткөн.

Ага Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын бул өлкөдөгү убактылуу ишенимдүү өкүлүн чакырып, расмий Бишкектин нотасына жообун тапшырды. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайтына шилтеме жасап «Азаттык» жазып чыкты.  Анда казак лидеринин башка өлкөнүн белгилүү саясий ишмерлери жана партия лидерлеринин өтүнүчү менен жолугушуулары буга чейин деле болуп келгени жана эл аралык тажрыйбага шайкеш келээри жазылган.

Билдирүүдө 14-августта президенттикке талапкер, экс-өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен дагы ушундай эле жолугушуу өткөрүлгөнү айтылат. Ошондой эле казак лидери талапкерлерден эч кимди ачык колдобогону, Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпей, ким шайланбасын кызматташууга даяр экенин айтканы белгиленген.

“Кыргызстандын тышкы саясат мекемесинин нотасы эки өлкө ортосундагы мамилени салкындатат, Казакстан Кыргызстан менен мурдагы мамиледе кала берет”, — деп жазылат Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.