Багбанчылык баяны

Кыргызстандын бардык аймактарындагы багбанчылыкка кызыккан адамдарга жардам, кеп-кеңеш берип, көчөттү туура отургузууга, багбанчылыкты  өнүктүрүүгө өз салымын кошуп келе жаткан Борбор Азия Багбандар Биримдигинин Багбанчылыкты өнүктүрүү фондунун агроном-консультанты Бекболот  ГЛАМОВ менен маек курдук.

– Учурда Багбанчылыкты өнүктүрүү  фонду эмне иштердин үстүнөн иштеп жатасыздар?

– Биз Борбор Азия Багбандар Биримдиги менен биргеликте иш алып баруудабыз. Жетекчибиз элибизге жакшы тааныш Абдулла Ташиев. Ал эми багбанчылык байыркы кесип. Эч качан үзүрүн жана жемишин бербей койбойт. Борбор Азия Багбандар Биримдигине кирген кыргыз багбандарынын биргелешип иш алып баруусунун натыйжасында эң пайдалуу иштерге жол ачылып жатат.  Башкасын айтпаганда да, багбандардын бири-бири менен тажрыйба алмашуусунун өзү  пайда.

Аталган биримдиктин алдына койгон максаты –  буга чейин жүргүзүлүп келген багбанчылыкты жаңы технологияга өткөрүү. Бул – интенсивдүү багбанчылык кылууга элди үйрөтүү. Мисалы, алманы алсак,  400дөй түрү болсо керек, балким, андан дагы көп болушу мүмкүн. Ушул сыяктуу ар түркүн, кирешеси аз, түйшүгү көп сортторду бирдиктүү, пайдасы арбын сортторго өткөзүү максатында экономикалык, финансылык жактарын эске алуу менен аракеттенип жатабыз.

Багбанчылык боюнча иреттүү, туруктуу иш алып барып, жемиш сортторунун сапатын арттырып, анан дүйнөлүк базарга чоң көлөм менен чыгуу керек. Мындан башка максаттарыбыз да көп.

– Интенсив-дүү багбанчылык кылууга элди үйрөтүүнү кандай жол менен ишке ашырып жатасыздар?

– 2020-жылдан баштап «Бир адамдан – бир көчөт», “Бир аймак – бир мөмө” аталышындагы акцияларыбыз менен жер-жерлерге барып, семинарларды уюштуруп, элдер менен багбанчылык багытында кеңири баарлашып, бак тигүүгө үгүттөө иштерин жүргүзүп келебиз. Адамдар өз колу менен бак тигип, аны өстүрүп, өзү үзүп алып жегенде гана “жашыл бизнестин” канчалык маанилүүлүгүн түшүнүп  баштайт.

2020-жылы “Бир адамдан – бир көчөт” акциясы менен жер-жерлерди кыдырып чыкканыбызда орто эсеп менен өлкө боюнча бир жылда жарым миллион көчөт отургузулган. Бак тигүүгө үгүттөө менен гана чектелбей, ар бир семинарда багбанчылыкка кызыккан адамдарга сапаттуу көчөттү тандап алуу, бак отургузулчу жердин топурагын, кыртышын даярдоо, сапаттуу жана оңой сугаруу ыкмалары, тигилген көчөткө кам көрүү, бакты кантип туура бутоонун ыкмалары жөнүндө түшүнүк беребиз. 

Ушул эле акцияны социалдык тармактарда да жүргүзүүдөбүз. Биздин, Кыргызстандын, негизги өнүгүү стратегиясы багбанчылык деп билем. Себеби, багбанчылык кылууга жерлерибиз да аябай ыңгайлуу. Өзүңүздөргө маа-лым болгондой, Кыргызстанда 1 млн. 300 миң гектар жер бар, анын ичинен 600 миңи кайрак, 700 миңи сугат жер.

Кайрак жерлерди 30 жылдан бери иштете элекпиз. Ал эми калган 700 миң гектар жерге келе турган болсок, анын тең жарымына беде, эспарцет сыяктуу көп жылдык чөптөрдү айдайбыз.  Тең жарымында багбанчылык, дыйканчылык кылабыз.

Тамчылатып сугаруу менен эң эле кургак топурактуу жерлерге да бак отургузуп, жашыл аймакка айлантсак болот. Ошон үчүн багбанчылык кылууга баарын чакырабыз. Өлкөбүздү бакка айландыруу керек. Дүйнө азыр химикатсыз таза продукцияны талап кылууда. Баарыбыз багбанчылык кылып, сапаттуу мөмө-жемиштерди алып, экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар экенин дагы бир жолу эскертип кетким келет.

– Даяр продукцияны, мөмө-жемиштерди  экспорттоодо маселе жаралган учур болобу?

– Кыргызстандын жериндей жер жок. Мисалы, коңшу Өзбекстан өздөрүнөн өндүрүлгөн түшүмдү Орусия же дагы башка жакка сатып, өздөрү биздин мөмө-жемиштерди алып жешет. Себеби, биздин мөмө-жемиштер таза, сапаттуу.

Биз өндүрүп жаткан продукция негизинен ички жана сырткы базарга кетет. Ички базарларга мөмө-жемиштердин көп убакытка сакталбаган, кабыгы жука, эзилип кетүүчү, шире, кыям жасаганга  ылайыктуу сорттору чыгарылат. Ал эми экспортко көбүнчө КМШ өлкөлөрүнө, анын ичинен Казакстан, Өзбекстан, Россияга кетет. Анан албетте, Кытайга көп кетет.

Жылына бизден жер-жемиш алып көнүп калган кардарларыбыз ар бир сезондо атайын фуралар менен келип ташып кетишет. Өндүрүлгөн өнүм мыкты болсо, талапка жооп берсе ал өзүнүн туруктуу кардарын табат деп ойлойм. Азыркы учурда жумуш жок эмес, балким, жумушка ылайыктуу кесипкөй кадр жок. Ошол себептен жумушун беш колундай билген агроном, ветеринарларга өлкөбүз муктаж. Айыл чарбасын жолго коюп алсак, экспорт ыңгайлуу болот,  көп продукция өндүрүп чыгарууга мүмкүнчүлүк жаралат.  Жумушсуздар жумуш орундары менен камсыз болот деп ишенимдүү айтууга болот.

– Жаздын келишин багбандар өзгөчө даярдыктар менен тосуп алса керек? Алдын-ала даярдануу иштери кандай жүрүп жатат?

– Азыр, ылдыйкы зоналарда көчөт тигүү иштери башталып калды. Ылдыйкы зона дегенибиз – деңиз деңгээлинен 800, 900 метр ылдыйда жайгашкан жерлер. Буга Лейлек, Араван, Кулунду, Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай сыяктуу бир катар аймактары, Таш-Көмүр ж.б жерлер кирет. Мына ушул жерлерде жаз бир айга эрте келет, күн аябай тез ысып кетет.

Ошондуктан буларда эгинди эрте тигип, түшүмдү эрте алышат, бир жылда эки ирет түшүм алуу мүмкүнчүлүгү бар. Дал ушул ылдыйкы зоналарга биз атайын
барып эң эрте быша турган сорттордун көчөттөрүн сунуштап баштадык. Мисалы, эрте бышчу дарбыз, гилас, алма сыяктуу мөмө-жемиштерди өз маалынан кечикпей тигип, багып, өстүрүп алышса, өзүбүздүн ички рынокту камсыздай берет. Ортоңку зонага тоого жакыныраак, тоо этектериндеги айылдар кирет. Бул жерлерге жаз бир ай кечигип келет. Ошондуктан аларга алманын, шабдалынын, малинанын, гиластын жайкы, күзгү сорттору сунушталат жана жеткирилет. Ал эми жогорку зона — тоо арасында жайгашкан аймактар. Мисалга, Нарын, Ысык-Көл облусунун аймагын алса болот. Бул жерлердин климаты катаал болгондуктан бардык сорттор жашап кетүүгө жөндөмсүз. Биз жогорку зоналарга суукка чыдамдуу, ар кандай климаттык шарттарга туруштук берген, кеч быша турган мөмө-жемиштердин көчөттөрүн сунуштайбыз. Бул жерде өндүрүлгөн жемиштер кыш ичинде базарларды камсыздайт. Аларга көчөттөрдү сунуштап гана тим болбой, иш жүзүндө биле жүргөн багбандык тажрыйба, кеп-кеңештерибизди толук бөлүшүп келебиз.

Багбандан кеп-кеңеш

Көчөт – тирүү организм. Аны жаш баланы баккандай кылып кароо керек. Ал өзү издеп азыгын таба албайт. Көчөт өстүрүүчү дыйкандын өзүнчө түйшүгү бар. Көчөт үч жылдын көзүн көрөт. Ага чейин багбан багат, сугарат, чабат, отойт. Азыгын берет. Көчөтчүлөр да базарга өтүмдүүсүн, сапаттуусун, эл сураган сортту алып барып саткысы келет. Саткан көчөтүнүн өнүп, өсүп кетүүсүн, жакшы мөмө беришин Кудайдан тилейт. Жакшы көчөт чыгарса, базары жүрөт. Дыйкандын милдети – солкулдак, жашаң, тирүү көчөттү кардардын колуна тапшыруу.

Кийинки кезек көчөттү алган кишиде. Аны кантип бапестеп багуу керек? Чөлгө тигеби, тоого тигеби, географиялык шартты туура тандадыбы? Агроном менен кеңештиби? Бардык шартын түзүп бердиби? Багбанчылыкта бүгүнкү жасаган иш–аракетке жараша эртеңки жыйынтык ачык-айкын көрүнөт. Ошондуктан “Жаздын бир күнү – бир жылга тете” деген сөз айтылат да.

Окурманга кайрыларым: Кыргыз жерин бүтүндөй «жашыл фаб-рикага» айландыралы! Мөмөлүү бактар рентабелдүүлүгү жогору болгон өндүрүш. Коркпой инвестиция жасай берели, мекендешим. Айылдагы ар бир үй-бүлөнүн туруктуу киреше булагын
түптөйлү!

Махабат АЛЫМБЕК кызы, «Кыргыз Туусу»

0 Поделились