Дүйнө тилдеринин 43 пайызы жоголуу алдында
Дүйнө жүзүндө ар бир эки жумада бир тил жер бетинде жок болуп, өзү менен кошо маданият жана интеллектуалдык мурастарды алып кетерин ЮНЕСКО уюму билдирди.
Уюмдун маалыматы боюнча, дүйнөдө адамдар сүйлөгөн алты миң тилдин кеминде 43 пайызы жок болуп кетүү коркунучунда турат. Бул көйгөй өкмөттөрдүн мектептерде эне тилди окутууга тийиштүү көңүл бурбаганынан жана санариптик дүйнөдө тилди жайылтууга жетиштүү деңгээлде маани бербегендигинен келип чыгууда. Ал эми окумуштуулардын пикиринде, тилдин мындай кырдаалга тушугуусунун себеби – миграция жана ааламдашуу. Экономикалык муктаждыктардан улам адамдар өз мекенин таштап, чет өлкөгө кетип, ал жерден жергиликтүү тилде пикир алышып, өз эне тилин унутуп бара жатышат. Дүйнөлүк практика көргөзүп жаткандай, экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн тилдери жакшы өнүгөт, себеби, ал өлкөлөргө жакыр өлкөлөрдүн эли иштегени барарда тилди үйрөнөт, балдарына дагы үйрөтөт.
Ошол эле учурда ЮНЕСКО бүгүнкү күндө дүйнөдө тилдер маданий көп түрдүүлүктү сактоодо жана маданияттар аралык диалогду камсыз кылууда, ошондой эле кызматташтыкты чыңдоодо жана сапаттуу билимге жетишүүдө маанилүү роль ойнорун түшүнүү өсүп жатканын кошумчалады.
Дүйнө жүзүндө 6 миңден ашуун тил бар. Булардын ичинен эң кеңири тараганы жана сан жагынан көп киши сүйлөгөнү кытай, англис, хинди, испан, араб, француз, орус, немис тилдери. Учурда дүйнө калкынын 78 пайызы 85 чоң тилде сүйлөйт. Ал эми 3 500дөй тилде 8 250 миң адам сүйлөйт. Кытайдын мандарин тилинде 845 млн. адам сүйлөсө, ал эми Орусиянын Сибирь бөлүгүндөгү тува тилинде сүйлөгөндөрдүн саны 235 миң адам болсо, тофа тилин 30 гана киши пайдаланат.