Биринчи мугалим
Алгач ирет мектеп босогосун аттагандан баштап ушул инсан биздин мектептеги апабыз болду. Чачы өзүнө жарашыктуу кыркылган, бою кыска жылдыздуу мугалим биздин класстын биринчи мугалими болуп түбөлүк эсибизде калды.
1-сентябрь, айылдагы окуучулардын баары колдоруна сирень гүлдөрүн кармап алып мектепти көздөй жөнөп жатышты. Алардын арасында 1-класска кирген окуучулар өзгөчөлөнүп турат. Алар эч кимди тааныбайт жана мектеп кандай болоорун түшүнүшө элек. Көздөрү жайнап, жаңы кийим кийгендерине кубанып линейкада тизилип турушат. Кээ бири ата-энесинин колун коё бербей коркуп жатса, кээ бири кыйла чоўойгондой түр көрсөтүп какайып турат.
Жаңы окуу жылы башталган жарым жылдыкта балдар минтип жарым күнүн мектепте өткөрүп жаткандарына көнүшө албай жатышты. Муну сезгендей мугалими да окуучуларына аярлап мамиле кылат. Аз-аздан тамга үйрөтүп, сүрөт сабагын, музыка жана башка кызыктуу сабактарды алмаштырып үйрөтүп жатты. Жаўы жылга жакындап калганда окуучуларынын ар биринин мүнөзүн, эмнеге шыктуу экендигин, кимиси кайсы сабакты өздөштүрөөрүн билип да калды. Ушул сымбаттуу мугалим аларды жашоодогу чоң жолго даярдады, илимдин башталышын ачып берди. Илим эле эмес, коом менен байланыш түзгөндү, өзүн алып жүрүүнү, этиканы, жада калса ата-энеге кандай мамиле кылуу керектигинен бери үйрөттү.
Окуучуларына өзүнүн – жүрүш-турушу, берген билими менен үлгү болуп, коомдогу мыкты инсандарды даярдай алган бул – мугалим. Дүйнөдөгү ар бир адамдын өзүнүн эсинде калган сүйүктүү биринчи мугалими бар.
Негедир акыркы жылдары мугалимдерге болгон сый-урмат жоголуп бараткандай. Мугалимдин сөзүн укпай, сөз талашкандарын интернет желелеринен көрүп эле жүрөбүз. Эмне болгон күндө да сага илим-билим берип жаткан инсанды сыйлай билүүбүз керек. Мугалимдердин жумушу жеңил эмес. Ар бир баланын ыгын таап, андан тышкары кагаз иштерин да жасашы керек болот. Баланы коомго татыктуу тапшырып берүү оңой-олтоң иш эмес. Ар бир мугалимди ак дегенден да алыспыз, бирок, алар сыйга татыктуу инсандар.