Азия оюндары: кыргызстандыктар дагы 1 алтын, 4 күмүш, 4 коло утушту

Ашхабадда өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарында 20-сентябрь күнү кыргызстандык спортчулар жалпы жонунан тогуз медаль алышты.

Мында бел боо күрөшүнүн классикалык ыкмалары боюнча таймашууда 55 килогарамм салмактагы Бекзат Тынчтыкбеков финалда түркмөнстандык балбан Жума Сапаевди утуп, алтын медаль тагынды.

Спорттун ушул эле түрү боюнча Эрланбек Мырзабеков, Мээрим Мизамидин кызы жана Мээрим Момунова финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болушту. Мындан тышкары, 800 метр аралыкка чуркаган Арина Клещукова дагы марага экинчи болуп келди.

Ал эми балбандар Мадамин Шаршеналы уулу, Орозбек Аширов, Нурзат Бактияр кызы бел боо күрөшү боюнча, ал эми тайбоксчу Бекжан Матысаев мелдешти коло медаль менен жыйынтыкташты.

Ошентип учурда Кыргызстандын улуттук командасынын куржунунда 26 байге бар. Алар 2 алтын, 9 күмүш жана 15 коло медаль болуп саналат.

Мелдеш 21-сентябрь күнү да уланат. Бүгүн спортчулар баскетбол, алыш-бел боо күрөшү, боулинг, бильярд, шахмат, ат спорту, футзал, жеңил атлетика, теннис, күрөш, тайбокс, таэквондо, велотрек жана оор атлетика боюнча мөрөй талашмакчы.

Булак: «Спутник»