Татыктуу айкелдер – тарых табериги

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


Дегинкиси татыктуу жасалган айкелдер тарыхый мурас, таберик экендиги талашсыз чындык. Петр Iнин Санкт-Петербургдагы, Пушкиндин Москвадагы, Минин менен Пожарскийдин Кремлдеги, Вучетичтин “Мать-Родина” айкелдери көргөн адамды толкундантып, суктандырбай койбойт.

Мектепте окуп жүргөн кезде “Огонек” деген журнал Москвадан чыгып,   бардык китепканаларда тиркемеси болчу. Албетте художниктердин көркөм картиналары, Микаланджелодон тартып, Церетелиге чейинки скульпторлордун чыгармалары жарыяланчу, айтор керемет журнал эле.

Ошентип көркөм дүйнөгө жан дүйнөм менен бет алып, сүрөтчүлүк өнөргө ышкым арткан. Күн сайын сүрөт тартмайынча тура албай, ал тургай түшкө да кирип, бир керемет дүйнө курчап алган болуучу. 2000-жылдарда Талас облусунун ошол учурдагы губернатору Темирбек Акматалиевдин демилгеси менен баатырлардын айкелдери жасалды. Айкелдерди Т.Акматалиев ага чейин аким болуп иштеген Ала-Бука районунан келген скульпторлор жасаган экен. Демилге жакшы болгон менен скульпторлордун кесиптик деңгээли чактуу болгондуктан айкелдер сапатсыз жасалганы оркоюп, шыр эле көзгө көрүнүп турчу.

Андан өзүм өз кабарчы болуп иштеген “Асаба” гезитине курч макала жазууга туура келген. Анда сапатсыз, шашылыш жасалган айкелдер аянттан алынчу учур алыс эместиги жазылган. Ошондо Т.Акматалиев ачууланып, кабинетине чакырып опурулган. Ал кездеги губернатордун басма сөз катчысы Мухаммеджан Суранчиев, облустук “Талас турмушу” гезитинин башкы редактору Эрмек Үмөтов дагы ал жагымсыз учурга күбө болушкан. Бирок кийин мен жазгандай эле ал сапатсыз айкелдердин бири да калбай, ошондой эле мурда Владимир Ильич Лениндин айкелинин ордундагы башкы айкел да алынып салынган. 2015-жылга чейин ал постамент бош турду.

Ошентип ал постаменттин орду заманыбыздын залкар жазуучусу, улуу ойчул Чыңгыз Айтматовдун залкайган айкелине буйруптур. Баса, Кремлдеги Минин менен Пожарскийдин айкели эстен чыкпаса Нижний Новгороддо куюлуп, Москвага чейинки аралыкта эл чексиз кубанычка бөлөнүп, салтанат менен айкелди узатып турушкан экен. Ал эми жакында Манас Атанын айкели Түркиянын Стамбул шаарында орнотулушу эки элдин бир туугандыгын даңазалап турарын Өкмөттүн мурдагы башчысы Сооронбай Жээнбеков баса белгиледи.

Залкардын залкайган айкели кандайча жасалган?

Заманыбыздын залкар жазуучусу, улуу ойчул Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн кайткан соң кыргыз эли өтө зор жоготууга учурап жан дүйнөсү кайгыга эңшерилип калгансыды. Ошондон уламбы Талас жергесинде да улуу талантка таазим этип, элеси көз алдыда болсун деп Кара-Буура районунда жана Талас шаарында аракеттер жүрө баштады.

2009-жылы Талас шаарынын мэри Эркин Турсункулов баш болгон шаар бийлик башчылары жигердүү аракетин баштады. Бирок изги тилек, асыл ой максат кандайча ишке ашат? Айкелди жасоого кайсыл скульптор батынат, чеберчилик деңгээли залкардын образын жаратууга кудурети жетеби? Бир ирет анын кабинетинде башка маселе менен олтурганда сөз арасында Эркин Асанканович:

– Козуке, буюрса, аянтка Чыңгыз Айтматовдун айкелин орнотолу деп жатабыз, айкел жасалууда, – деди.

– Ким жасап жатат? Айкелди жасоого ачык сынак жарыяланды беле, – деп сурадым.

Ал сынак жарыяланбаганын, болгону бюджеттен 350 миң сом каражат бөлүнүп, айкелди Анарбек Мырсыраимов деген жигит жасап жатканын айтты. Негедир жүрөк сездиби, безге сайгандай чоочуп кеттим.

– Иш ойрон болгон турбайбы досум, – деп алаканымды шак коюп катуу кейидим. – Ал жигиттин кесиптик деңгээли начар. А. Огомбаев атындагы музыкалык мектептин алдындагы Атайдын айкелинин сапаты начар, эми ал Айтматовдун айкелин кантип жасасын, – деп чырылдадым.

Элет жери деп эле сапатсыз, халтура скульптураларды Таласка шыкай берген жоопкерсиз, кайдыгер адамдарга ачуум келди. Э.Турсунов экөөбүз тез арада компетенттүү адистер аралашкан комиссия түзүп, Бишкектеги айкел жасалып жаткан жайга барып келүүнү сүйлөштүк. Комиссиянын курамына белгилүү сүрөтчү Жаныбек Рай, КР эмгек сиңирген архитектору Асылбек Солтобаев, мен жана Талас шаардык «Жаңы багыт» гезитинин башкы редактору Токтогул Ибрагимов кирди.

Алгачкы сапарда эле залкардын айкели абдан начар, сапатсыз жасалып жатканы көрүндү. Эркин Асанканович алешем жасалган, деги эле Айтматовго окшобогон караанды көрүп, элейе түштү. Комиссия мүчөлөрү баары айкел жараксыз деген чечимге келдик. Бирок А. Мырсыраимов кемчиликтерин жоюп, жакшылап жасайм деп убадасын бир нече жолу берген менен ал иш колунан келбеди. Ал тургай Медер Таиров деген скульптор менен иштешсе да эч бир натыйжа чыкпады. 2009-жылдан 2014-жылга чейин иш көңүлүбүзгө көк чайдай тийип, кейишке салды.

Ал ортодо шаардын бийлик башчылары 3 ирет алмашты. Тагдыр чечүүчү сапарыбыз 2014-жылдын күз айларынын биринде болду. Комиссиянын тутумундагы Жаныбек Рай, Асылбек Солтобаев, Токтогул Ибрагимов, Бактыяр Абдыкадыров жана мен кайрадан Бишкекке сапар тарттык. Жаныбек Райда, Асылбек Солтобаевде жана менде сапаттуу мыкты жасалган айкелден дегеле кымындай да үмүт болгон жок. Ал жөнүндө сүйлөшүп бараттык. Өзүбүз жолдо чийки май жегендей болуп баратсак шаардык бийликтин чиновниктеринин бири ошол эле айкелди жарактуу кылып чечим кабыл алып бергиле, тигиге, буга айтып өтүнгүлө деп кыжырга тийип жатты. Сыягы шаардык бюджеттин акчасын аяп, корчулап, Айтматовдун эптеп эле жасалган айкелин коё салалы деп акылы чоркоктук жасап жатышты.

Бишкектен бизди Өкмөттүн Талас облусундагы ошол кездеги ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева, Талас шаарынын ошол кездеги мэри Анарбек Кушубаков, КР эмгек сиңирген сүрөтчүсү Сүйүнтбек Төрөбеков тосуп алышты. Бирок макулдашпаган, айрым чиновник адамдардын да ал жерге келип калуусу түшүнүксүз болду.

К.Курманалиева жана комиссия мүчөлөрү айкелчи Анарбек Мырсыраимовдун айкелин көрүшүп, айкел таптакыр жараксыз деген бүтүмгө келишти. Жаңы айкел жасоого канча каражат керектелери жөнүндө сөз болду эле, Сүйүнтбек Төрөбеков баш болгон сүрөтчүлөр 3 млн. сомдон кем эмес каражат керектелет дешти. Талас шаарынын мэри А.Кушубеков андай каражатты бюджеттен табуу кыйындыгын айтты. Мен:

– Карабууралык азаматтар жакында эле 6-7 млн. сом каражат жыйып, Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдык мааракесин республикалык деңгээлде эн сонун кылып өткөрдү. 3 млн. сом. шаардык бюджеттен кантип табылбасын, – дедим.

Облус жетекчиси К.Курманалиева: – Анарбек Канатович, кайдан-жайдан болсо да табуу керек, керек болсо коомчулук да жардам берет, – деп тапшырманы катуу берди.

2014-жылдын 5-февралында Талас шаарында өткөрүлгөн ачык конкурста республикадагы 9 айкелчинин 15 эмгеги коюлуп, анын ичинен бир долбоор жашыруун тандалып алынды. Баса, сынакка Бишкектеги Манас Атанын айкелин, спорт сарайынын алдындагы Кожомкул балбандын айкелин жасаган белгилүү скульптор Базарбек Садыков да катышты. Жеңип чыккан долбоордун автору Кебек уулу Нурланга КР Эмгек сиңирген сүрөтчүсү Сүйүнтбек Төрөбеков жана көркөм фонддун жетекчиси Жаныш Жамурзаев долбоорду улам-улам ийлеп, мыкты сапатта жасалышына чоң көмөктөрүн көрсөтүштү.

Ошентип, айкел жасалып бүтүп, облустун 70 жылдык мааракесинин салтанаты залкардын айкелинин ачылышы менен башталды. Эл-журт, коомчулук, Бишкектен келишкен сыйлуу коноктор айкелдин сапатына кубанышып, облустун, шаардын бийлик башчыларына, Талас элине ыраазычылыктарын айтышты. Ал биз болсо атуулдук демилге жигерибизди көрсөтүп, чоң асыл ишке үлүшүбүздү кошконубузду ойлоп, өз муратыбызга жеткенибизге чексиз кубандык.

Ошентип, канча жылдаган сарсанаа, кыжаалаттардан кийин, коомчулуктун пикири боюнча Талас шаарына Чыңгыз Айтматовдун купулга толгон айкели орнотулду. Ошол айкелдин жанынан өткөн сайын кыргыз элинин улуу уулуна сый-урмат көрсөтүп, колдон келген мээнетибизди кошконубузга каниет кылабыз. Айкелдин жасалышына кол кабыш жасап, өздөрүнүн атуулдук парздарын аткарган жогорудагы аты аталган инсандардын атын атап, ыраазылык билдиргим келет.

Баса, улуу жазуучунун Кара-Буурадагы айкелине ар дайым жаңы баш кошкон жаш жубайлар келишип, гүлдестелерди коюшуп, ак тилектер менен таазим жасашат. Тилекке каршы, Талас шаарында андай иш-чара көңүлгө алына элек…