«Тирүүлүк – өмүр майрамы»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын-сатирачы Алишер уулу Эсенгул Чопиевдин “Тирүүлүк – өмүр майрамы” аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү.

Таланттуу акындын ырлар жыйнагында жашоонун жагымдуулугун, тирүүлүктүн кереметтүүлүгүн, элеттин берекеси түгөнгүс касиетин туюнтуп, адептүүлүктү аздектеген, сый-сыпатты баалап-барктай билүүгө үндөгөн ырлары жана адамгерчиликтен алыстаган пастыкты ашкерлеген чыйрыктырмалары – сатиралары топтолгон.

Ыр жыйнак жети бөлүмгө бөлүнүп, “Сезимден серпилген термелер” бөлүмүндө акындын санат жана терме ырлары орун алган. Адатта, термелер төкмө ырчылардын чыгармачылыгына, салттуу поэзияга мүнөздүү көрүнүш. Жазма акындардан терме жанрына кайрылып, бул багытта күчүн сынаган акындар сейрек. Себеби, терменин да өзүнө гана тиешелүү, мүнөздүү кайталангыс кайрыктары, ыргактары бар. Акын Эсенгул Чопиев мына ошол кол менен кармалгыс поэзия ыргагын кармай билип, учурдун көз ирмемдерин салттуу поэзиянын тилинде сүйлөтүп, кечээги менен бүгүнкүнү айкалыштыра алган. Акындын бул жаңычылдыктары адабиятчылардын жана адабият сүйүүчүлөрүнүн көңүлүн өзүнө бурат деген ой бар.

Акындын “Ар кимде ар башка аракет” термесин алалы:

“Чагымчы жандап жыргайт.

Соодагер алдап жыргайт.

Жалакор бетин тырмайт.

Бузуку шекшип тыңдайт.

Даанышман элин сыйлайт.

Дыйкан жерин сыйлайт.

Жазуучу сөзүн сыйлайт.

Депутат өзүн сыйлайт.

Жемкорлор алкымын тыйбайт.

Саясатчы жанын кыйнайт”.

Биздин оюбузча биерде ашыкча комментарийдин кереги жок. Термеде турмуштун не бир кыл окуялары талдоого алынып, таасын баа берилген. Айтор, акындын терме ырларынын кайсынысын албайлы, эч кайдыгер калтырбайт.

Акын Э.Чопиевдин башка бөлүмдөргө топтолгон ырлары тууралуу да ушул эле ойду айтсак жарашат. Эгер, автордун калеми сатиралык саптарга келгенде, узак жолго жүгүргөн күлүктөй төшөлө каларын эске алсак, окурман жыйнактагы сатиралык саптардан – чыйрыктырмаларынан кыя өтпөй турганы шексиз.

“Кол тийбестикти коргогон,

Жемкорлукту колдогон.

Убадасын унутуп…

Эл ишеничин кордогон,

Алдым-жуттум күн көрүп,

Ач көздүгүн койбогон,

Өзгөчө адам өңдөнүп,

“Өлбөймүн” деп ойлогон,

Дүйнөгө болгон кул пенде

Депутат жатат бул жерде”. Бул “Убадакөй депутаттын эстелигиндеги эскерме” саясый сатирасынан алынган саптар сатирик акыныбызга мүнөздүү курчтуктан, коомдогу терс көрүнүштөр менен келишпөөчүлүктөн, чукугандай сөз менен ашкерелей билүүчүлүктөн кабарлап турат. Анын башка сатираларына да ушундай эле курчтук мүнөздүү. Акын Эсенгул Чопиев агабызга чыгармачылык жаштык жана эргүү каалайбыз.