Эне-бала саламатта болсо, жашоо да бейпил

Бактыгүл МУНДУЗОВА, “Кыргыз Туусу”


Кыргызстанда акыркы 3 жылда 5 жашка чейинки балдардын өлүмү азайган. Балдар өлүмүнүн негизги себеби аз кандуулук. Кыргызстан жалпы балдар өлүмүн 13%га азайта алган 23 өлкөнүн катарына кирген. Көрсөткүчтөр мындан дагы азайышы үчүн техникалык материалдык жардамдан сырткары дарыгерлердин кесипкөйлүк деңгээлин өстүрүү маанилүү.

Балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн Жалал-Абад облусунун балдар ооруканаларына реанимациялык жабдуулар тапшырылды. Буга байланыштуу ЮНИСЕФ өкүлчүлүгү жана Саламаттыкты сактоо министрлиги журналисттер үчүн пресс-тур өткөрүштү. Пресс-турдун биринчи күнү Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйүнө жабдууларды өткөрүп берүү аземи өттү. Аталган иш-чарага Жапониянын КРдагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Есихиро Ямамуро, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысы Юкиэ Мокуо жана Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев катышты.

Балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн баасы 40 миң долларлык жабдуулар берилип, төрөт бөлүмдөрүндө 113 878 долларга ремонт жасалган. Бул жардамдарды Жапон өкмөтү каржылаган. ЮНИСЕФтин адистери долбоорду ишке ашыруу максатында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы ооруканалардын абалы менен таанышып, тиешелүү маалыматтарды жыйнап изилдешкен. Аталган долбоор ал көйгөйлөрдү чечип берүүнү колго алган.

“Жапония, Кыргызстан эгемендик алгандан бери түрдүү чөйрөлөргө, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө колдоосун көрсөтүп келет. Ооруканаларга берилген жабдуулар эне-баланын саламаттыгын бекемдөөгө көмөктөшүп, муну менен Кыргызстандагы тынчтыкты курууга жана коопсуздукка салым кошот деп ишенем. Бул Евразиядагы туруктуулук үчүн маанилүү фак тор болуп эсептелет”, – деди Жапониянын

элчиси Ямамура.

Ал эми ЮНИСЕФтин башчысы Мокоу айым: “Бул жабдуулардын жардамы менен дарыгерлер оор абалда жаткан балдардын өмүрүн сактай алышат. Кычкылтек концентраты бар жаңы муундагы заманбап дем алдыруучу аппараттар электр жарыгы өчүп калган учурда да батареянын жардамы менен иштей берет. Бул жабдыктар атайын кайра жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнө арналган”, – деди.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев: “ЮНИСЕФтин биргелешкен колдоосу менен жалпы сумма сы 2 500 000 долларга Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 8 оорукананын төрөт жана балдар бөлүмдөрүнүн инфраструктурасы оңдолгон. Долбоордун иш-чаралары Кыргызстанда мындан ары дагы балдар өлүмүнүн санын азайтууга көмөктөшөт. Кыргызстанда төрөт бекер. Бирок акчанын жоктугунан көп мигранттарыбыз чет жактарда оор жумуштарда иштешип, оор

абалда же өлгөнү калган учурда келип бизге кайрылышат. Мунун кесепетинен балдардын ар кандай кемтиктер менен төрөлүүсү көбөйүүдө. Эненин боюна болгондон кийинки же ага чейинки ден соолугу бир эле дарыгерлерге байланыштуу эмес. Ошондуктан ар бир эне өзүнүн ден соолугуна кайдыгер карабай, убагында кайрылып туруусу керек. Биз бир эле аппарат менен баарын сактап калабыз деп айта албайбыз. Кээ бир адамдар маселе жаралганда эле барышат ооруканага”, – деди.

Пресс-турдун экинчи күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда өттү. Райондук ооруканада 9 бөлүм, 198 орун бар. Жалпы төрөт жана балдар бөлүмүнө 68 орун каралган. Жылына 400дөн ашык төрөт кабыл алынып, 2800 бала дарыланып турат. ЮНИСЕФтин долбоорунун негизинде оорукананын төрөтканасынын 5 бөлүмүндө капиталдык ремонт иштери жасалган. Мындан сырткары СРАР, нубулайзер, монитор жана инфузиялык насос аппараттары берилген. Бул аппараттардын келиши менен райондогу эне-баланын өлүмү азайган.

Ала-Бука райондук оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Осмонова: “Оорукана 1985-жылы курулган. Андан бери бир дагы оңдолгон эмес. Суу чыкпай, дааратканалар иштебей, төрөт залдарыбыз муздап турчу. ЮНИСЕФтин колдоосу менен бизде кош бойлууларды кабыл алуу бөлүмү жасалды. Таза суу чыгарылды. Терезе-эшиктер алмашылды. Жылуулук жабдыктары жаңыртылды. Мындан сырткары Япон грантынын эсебинен дем алдыруучу аппараттар, хирургиялык аспаптар, кувездер берилди. Япон элчилигине, ЮНИСЕФке рахмат демекчимин. Мурда оор абалдагы аялдарды Жалал-Абадга жөнөтчүбүз. Азыркы шартыбыз жакшыргандан бери энелерди башка жакка жибербейбиз. Суткасына 5 аялдын төрөтүн кабыл алабыз. Акушерлердин билимин жогорулатуу максатында акыркы 3 жылдан бери квартал сайын волонтёрлор келип окутуп кетишет”, – дейт.