Садыков Сократты «багындырды»

Бактыгүл ЧОТУРОВА, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер


Кыргыз Республикасынын Баатыры. – бир нече эл аралык сыйлык-наамдардын ээси Тургунбай Садыковго дагы бир оомат келди. Оксфорд шаарынан эл аралык Сократ атындагы сыйлыкты ыйгаруу комитетинен келген катта Тургунбай Садыков негиздеген Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт академиясынын окуу жана илимдеги жетишкендиктери менен дүйнөлүк кесипкөйлүктүн үлгүсүн арттыргандыгы үчүн эл аралык маанидеги “Жылдын эң мыкты менеджери” аталыштагы сертификаты менен “Эң мыкты окуу жайы” сыйлыгы берилгенин кабарлашкан.

Ошону менен бирге Тургунбай Садыковдун илимий жана коомдук ишмердиктеги көп жылдык татыктуу эмгеги үчүн дүйнөлүк интеллектуалдык элита арасындагы ардактуу орунда тургандыгын белгилеп “The Name in Science” (“Илимдеги ысым”, рег.№2563774) сыйлыгы ыйгарылгандыгын билдиришкен. Сыйлык Сократтын элеси түшүрүлгөн орден жана диплому менен кошо 2017-жылдын 6-7-октябрь күндөрү Франциянын Канн шаарында тапшырылат. Мындай дүйнөлүк деңгээлдеги сыйлык кыргыз эли үчүн да чоң сыймык.

Тургунбай Садыков мындай кадыр-сыйдын урматына көп жылдардан берки эмгеги жана улуу таланты аркылуу жеткени белгилүү. Анын бир нече эмгеги дүйнөгө таанымал Третьяков галереясынын фондунда турат. Чет өлкөлөрдөгү коюлган эмгектери кыргыз маданиятын таанытууга салым кошот десек жарашат. БУУ имаратындагы “Манас” композициясы, Франциядагы “Ысык-Көл форуму” композициясы, Люксембургдагы “Жылкычы”, Кытай Эл Республикасындагы Манастын эстелиги ж.б. эмгектери сөзүбүздүн күбөсү болот.

Рынок экономикасы бардык тараптан өз мыйзамы менен жашатып, көркөм өнөрдү чактап турган шартта ириде чыгармачыл чөйрөдө кыйынчылык арбыды. Окуу жайлардын басымдуу көпчүлүгү учурда контракттык келишим менен окууга өттү. Ушундай учурда Тургунбай Садыков жеке чыгармачылыгынан да бийик койгон максаты – Кыргызстандын таланттуу уул, кыздары мурдагыдай мамлекеттик каржылоо менен бекер окушу болду. Ага жан дүйнөсү менен берилип чуркап жүрүп ишке ашырды. Улуттук Көркөм сүрөт академиясын негиздеди. Азыр бул окуу жай республикадагы жападан жалгыз мамлекеттик бюджетте турган жогорку окуу жайы.

Ал окуу жайда балдардын таланттары бааланып кабыл алынат. Бекер окуп, бекер тамактанып, стипендия менен да камсыз болушат. Окууну бүткөндөн кийин ишке орношуу, же билимин өркүндөтүү маселеси да колго алынган. Натыйжада, бүгүнкү күндө анын таланттуу шакирттери Кыргызстандан сырткары чет өлкөлөргө чейин өнөр жолун улап жүрүшөт.

Көркөм сүрөт академиясында эл аралык форумдар, симпозиумдар өткөрүлүп, аларга дүйнөнүн көп жагынан белгилүү сүрөтчүлөр, скульпторлор келип катышышат. Окуу жайдын базасы учурдун талабына ылайык. Бишкек шаарында ачык асман алдында түзүлгөн музейге дүйнөлүк белгилүү скульпторлор өз чыгармаларын тартуулашкан.

Кийинки жылдары мындай ачык асман алдындагы музейлер республиканын дубандарында уюштурулуп, жаштарды руханий жактан тарбиялоодо мааниси чоң болууда. Ачык асман алдындагы мындай музей ЮНЕСКО тарабынан эл аралык макам алган. Академияга караштуу окуу, илим изилдөө усулдук музей иштейт. Анда скульптуранын эң мыкты үлгүлөрү көздү арбайт, жандуу сүрөттөрдөн поэзияны туюп, музыканы көрүүгө болот. Ал жерге кирген адам бийик ааламга чыккандай, көркөм дүйнөгө эшик аттап кирип, жан дүйнөсү тазаланат. Анда студенттер лекция угушат, сүрөт тартышат. Бул музейде жыл сайын таланттуу сүрөтчүлөрдүн тандалма эмгектеринен көргөзмө ачуу салтка айланган. Ар бир көргөзмө өзүнчө аалам.

Бул окуу жай улуттук маданият менен искусствобузга чоң аброй алып келүүдө. Дүйнөнүн бир нече көркөм сүрөт жогорку окуу жайлары, академиялары менен чыгармачыл жана илимий усулдук карымкатышта болуп келет. Атап айтканда Россия Көркөм сүрөт академиясы, В.И.Суриков атындагы көркөм сүрөт институту, Пакистан мамлекеттик жогорку колледжи, Стамбул мамлекеттик университети ж.б. мисалга алуу болот. Окуу жайдагы китепканадан эч жакта табылгыс окуу куралдары Рембрандт, Дюрер, Веласкес, Манне, Дега, Ван-Гог, Репин, Суриков, Серов, Климт, Пикассо, Кандийский сыяктуу улуу чеберлердин өмүрү, өнөр чабыттары, эмгектери менен таанышып, үйрөнүп, узанышкан студенттердин бир нече тобу окутуучулардын коштоосу менен Москва, Санкт-Петербург шаарларына, Австрияга, Германияга, Кытайга барып, дүйнөлүк деңгээлдеги музейлерди, улуу чеберлердин иштерин, окуу жайларды, театрларды, чеберчилик класстардын адистерин көрүп сабак алышат.

Сыйлык сыймыкка айланып, кыргыз сүрөт өнөрүн дагы бийиктетип өргө сүрөй берсин.