Махабатты даңазалаган “Сагындым сени”

Казактын көз жеткис талаасындай калкылдаган кусалыкты муңдуу кайрыктарына батырган “Сагындым сени” бизде да популярдуу.

Ар бир жолу “Сагындым сенини” укканда, анын күн батып, таң атса да, жаралуу жанынан эм таппаган каарманынын кусалыгын, сагынычын жарлаган муңдуу кайрыктар жаздын салкын кечтериндей, күздүн сыркаар шамалындай денени ичиркентип, жүрөктү эңшерет. Булбул куштун сайраганынан, бактагы жалбырак тонолгонунан кимдидир издеген, кимдидир күткөн аялуу жандын тагдыры ойлонтот.

Обону казактын белгилүү обончусу жана ырчысы Роза Алкожого таандык, ырдын тексти казактын таланттуу акыны жана драматургу Исрайыл Сапарбайга тиешелүү кусалык менен сагынычтын ширөөсүнөн бүткөн бул муңайым ырдын муңдуу тарыхы бар. 

Роза Алкожо “Сагындым сенинин” обонун 15 жашында, мектепте окуп жүргөндө жазып, ошол бойдон сынын кетирбей, сыр сандыгына катып койгон экен. Арадан ондогон жылдар өтөт. Ал арада Роза Алкожо жогорку окуу жайын бүтүрүп, казак элинин кыйырына таланттуу обончу жана ырчы болуп таанылат. 2002-жылы казактын дагы бир белгилүү ырчысы Ажар Түзелбек кызы экөө таанышып, ортолорунда курбулук ынактык, чыгармачылык алака түзүлөт. Күндөрдүн биринде Ажар Розадан “Сен сыйга берген оромол” сыяктуу ар бир кайрыгына сыр каткан, муң каткан обон чыгарып берүүсүн суранат. Роза: “Менде сөзү жазыла элек обондор бар”, – деп, ал элге алып чыга элек обондорун Ажарга угузат. Ажар эки-үчөөнү тыңдап көрөт да, “Сагындым сени” деген обонду жактырып: “Муну мага бер. Мен Оразалынын акын достору бар, ошолорго сөзүн жаздырып алам” дейт.

Ажар Түзелбек кызынын өмүрлүк жолдошу казактын көйкашка төкмө ырчыларынын бири Оразалы Дос-босыновду жакшы таанычу. Ал бул убакта элдин сүймөнчүлүгүнө алынып, казактын айтыш өнөрүнүн жарык жылдызына айланган төкмө акын болчу. Бирок, Ажардын бул сунушу Розаны ынатпайт. Ал: “Мен ырдын сөзүнө жоопкерчилик менен караган адаммын. Кез келген акынга сөзүн жаздыргым келбейт, мен бербейм. Эгер кааласаңыз сөзүн өзүм жаздырып берем”, – деп мойнобой коет. Ошентип, обончу менен ырчы обондун сөзүн “ана жаздырабыз, мына жаздырабыз” деп жүргөндө, Оразалы жол апаатынан кайтыш болот. Роза Алкожо карасын кийген Ажардын кашында кыркылыгына чейин болот. Көз көрсөткөнү келген элдин аягы сууп, Роза сөз арасында: “Ажар, бул лирикалык ыр. Эми жоктогон ыр болуп кала турган болду. Мүмкүн, бул ырды башка бир ырчыга берип жүрбөйлү?”, – дейт. Анда Ажар: “Роза, сен иренжибечи. Оразым кайтыш болгондо, ичимдеги муңум чыкпай калгандай болду. Ушул ыр менен жеткизсем болобу”, – дейт. “Махабат туу-ралуу ыр болсо, эми кандай болот”, – деп Роза ойлуу кайтат. Жолдо кайнагаларына жолугуп, жүгүнүп ызаатын билдирет. Анын Ажардын жанынан келатканын билген кайнагаларынын бири: “Ой-бай казактын келиндери ай”, – деп муңканып иет. Ошондо Роза Алкожо жаңылганын түшүнүп, Ажарга телефон чалып: “Жылдыгын күтөлү, анан ырдап чык” деп кечирим сурайт.   

Акын, драматург Ысрайыл Сапарбай “Сагындым сени” обонунун текстин кандайча жазып калганын мындай эскерет: “Бир күнү Роза менен Ажар келишти. Оразалынын өтүп кеткенине көп болуп калган. Ажар: “Агай, Оразалы уктасам түшүмдөн, ойгонсом өңүмдөн кетпей жүрү. Атасынын артында эки туяк калды. Эки перзентибиз болсо да, кыйналып бүттүм, мени ары жакка чакырат”, – деди. Биз чочуп: “Андай нерсени айтпа”, – дедик. Анан Роза: “Обону да, аты да даяр ырым бар, ошого текст жазып бериңиз”, – деп суранды. Отуруп обонду уктук. Ырдын аталышы “Сагындым сени” экен. Бул сезим баарыбызга тааныш. Ажардын абалын түшүнүп турдум. Балдарын маңдайынан сүйгөн сайын сагынат, түшүнүктүү го. Обондун кайрыктары муңдуу да, сагыныч да бар аялуу ыр экен. Өзгөчө сезим пайда болду. “Бир сааттай сыртка чыгып, сейилдеп келгиле”, – деп үстөлгө, компьютерге отурдум. Адамда сагыныч, муң болот. Ал менин башымдан да өткөн. Үч сабак ыр келди өзүнөн өзү буюгуп. Жылдын бардык мезгилин коштум. Жазып бүтүп, оор жүктү үстүмдөн алып салгандай, жеңилдеп калдым. Экөө бир убакта келип, компьютердин ачылуу бетинен ырды окушуп, кучакташып ыйлап жиберишти”.

Казак элинин таланттуу төкмө акыны Оразалы Досбосынов 1975-жылы 15-ноя-брда Алматы облусунун Райымбек ооданынын (мурунку Нарынкол ооданы) Тегиздик айылында жарык дүйнөгө келген. Алматыдагы Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин филология факультетинде окуган.

Оразалы мектептен эле төкмөлүк өнөргө ыктап, ар түрдүү деңгээлдеги айтыштарга катышкан. Эрте көзгө түшкөн. 29 жашында каза болсо да, элдин сүймөнчүлүгүнө алынып, казактын айтыш өнөрүнүн жарык жылдызына айланган төкмө акын болчу.

2004-жылы Алматы облусунун Шонжу айылынан келатып, унаа оодарылып кетип, жарык дүйнө менен кош айтышпаганда, ал казактын туу сайган акындарынын бири болмок. Анын жол кырсыгынан каза тапканы мүлдө казактын кабыргасын кайыштырып сыздаткан.

Оразалыдай акынга жар болгон ырчы Ажар Түзелбек кызын казак эли ырчылыгынан мурда дулдул акындын жары катары таанышат.

Ал 1977-жылы төрөлүп, өнөргө жакын өскөн. Кыялга чырмалып, Алматыга келип, Т.Жүргенов атындагы казак улуттук өнөр академиясынан билим алган.

Тагдырдын ташбоорлугун кара, “Сагындым сени” менен кан жуткан кайгысы жеңилдеген ырчы «Энеге кат», «Бактылуумун» деген ырлары менен элди кубантып арадан жети жыл өтүп, сүйүктүү жары Оразалынын тагдырын кайталап, 2011-жылдын май айында Алматы Талды-Коргон жолунда жол кырсыгынан кайтпас сапарга аттанат.

Кулактан кирип бойду алган обон жана ырдын тексти болсо ушундай болуу керек. Бул ырда “сагындым сени” жүз кайталанган менен угарманды да, окурманды да эч тажатпайт. Тес-керисинче, ырдын маанисин ошончо арттырат. Адамдын көкүрөгүндө кышы-жайы өчпөгөн кусалыкты, махабатты ого бетер даңазалайт.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

0 Поделились