Туризми жабыркаган Түркия

Түркия бийлиги ансыз да жер титирөөдөн эбегейсиз зыянга учураган экономикасын кантип калыбына келтирүүнүн аргасын издеп жатканда, жергиликтүү маалымат каражаттары Стамбулда катуу жер титирөө болушу ыктымалдыгы боюнча кабар таратты. Бул Түркиянын негизги каражат булактарынын бири болгон туризм тармагына кошумча сокку болууда. Анткени, ушул тапта туристтер мурда сатып алган жолдомолорун кайра өткөрүп жаткан чагы.

Эксперттердин билдиргенине караганда, быйыл Түркиянын туризмден тарткан чыгашасы 300 млрд. долларды түзүшү мүмкүн. Стамбул сейсмикалык жактан тобокелчилиги чоң аймакка киргендиктен, мында 10000ден ашуун адамдын өмүрүн алган Кахраманмараштагы окуя кайталанышы ыктымал. Анын үстүнө, сейсмологдор Түркиянын бир нече провинциясы табыгый кырсыктан дагы жабыр тартышы ыктымалдыгын айтып, жарандарды максималдуу абайлоого чакырып жатышат. Мындай кабардан улам, ресторан бизнеси 50-70 пайызга чыгаша тартары болжолдонууда. Учурда туризм тармагына байланышкан жумуш орундары 70 пайызга кыскарды.

Түркиядагы ресторандар жана туризм ассоциациясынын президенти Рамазан Бенгёл: “Азыркы күндө туристтер үчүн психологиялык жактан кыйын болууда. Февраль айында брондолгон жолдомолорду кайра чакырып алуулар 40 пайызга жетип жатат. Бул жагдай алдыдагы үч айда туризмден түшкөн каражаттардын кескин кыскарышына алып келет”, – дейт.

Азыркы күндө отелдердин тарифи төмөндөп кеткен. Бул контекстен алганда, отелдер бааны 100 доллардан 80 долларга ылдыйлатышы ыктымал. Стамбулда жер титирөө орточо алганда 250 жылда кайталанып турат. Мында 1766-жылы катуу жер титирөө болуптур. Бул тууралуу Германиянын геологиялык илимдердин имараттар боюнча борбору билдирди.

0 Поделились