Зилалиев шайлоо боюнча республикалык штабдын жетекчилигинен четтетилди

Премьер-министр Сапар Исаков вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берип, шайлоо штабынын жетекчилигинен четтетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эми шайлоо боюнча республикалык штабды коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жетектейт. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим Зилалиевдин талапкерлердин бирине артыкчылык бергени тууралуу кабарларга байланыштуу кабыл алынган.