Казакстандын мурдагы премьер-министри Серик Ахметов эркиндикке чыкты

Коррупцияга айыпталып дээрлик эки жыл түрмөдө жаткан, Казакстандын 2012-2014-жылдары Казакстандын өкмөт башчысы болгон Серик Ахметов эркиндикке чыкты. Соттун чечимине ылайык, саясатчы жаза мөөнөтүнүн калган бөлүгүн жашаган жеринде өтөйт. Бул тууралуу бир канча маалымат булактары жазып чыкты.

Караганда соту Ахметовду 2015-жылдын декабрында бюджеттик каражатты уурдоо, кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалануу жана мыйзамсыз негизде ишкердикке аралашкан деген күнө менен 10 жылга эркинен ажыраткан. Ахметовдун адвокаттарынын арызынан кийин 2016-жылы апелляциялык сот мурдагы өкмөт башчынын жаза мөөнөтүн сегиз жылга чейин кыскарткан.

Жыл башында бийлик жарыялаган мунапыска ылайык, сот Ахметовдун жаза мөөнөтүн бир жыл жети айга кыскарткан.