Зилалиев талапкерлердин бирине үгүттөдү дегенге жооп кайтарды

Вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев президенттикке ат салышып жаткан талапкерлердин бирин колдоп жатат деген маалымат боюнча журналисттерге пикирин билдирди.

— Мен андай сɵздɵрдү айтканымды танбайм. Бирок коомчулуктун кɵңүлүн эки жагдайга бургум келет. Биринчиден, бул бейформал маанайдагы, чакан чɵйрɵдɵгү жолугушуу болчу. Ал жерде болгон сɵздɵрдү жаздырып алуунун ɵзү мыйзамсыз болгон. Экинчиден, менин сɵзүм жалпы контексттен бɵлүнүп калыптыр. Эгерде ал жерде болгондордон сурап кɵрсɵңүздɵр, алар менин жеке суроолорго гана жооп бергенимди тастыкташат. Ал жерде айткандарымды үгүт катары кабыл албоосун бир канча жолу эскерткем. Жеке оюңду сурап жатышса, жооп бересиң да. Кызмат адамы эмес, инсан катары жеке оюмду билдиргем. Абдан ɵкүнүчтүү, бул мен үчүн сабак болду. Сенсацияны кууган айрым маалымат каражаттары бул абалдан пайдаланып, жеке жашоомо кийлигишип жатышат, деди Зилалиев.

Эскерте кетсек, Премьер-министр Сапар Исаков вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берип, шайлоо штабынын жетекчилигинен четтеткен болчу.  Буга себеп Зилалиевдин талапкерлердин бирине артыкчылык бергени тууралуу кабарларга байланыштуу кабыл алынганы белгиленген.