ЖаңылыктарСаясат

Акылбек Жапаров Жызак облусунун Манас айылында жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту

Өзбекстан Республикасында жумуш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы си Акылбек Жапаров Өзбекстан Республикасынын Жызак облусуна караштуу Достук районунун Манас айылында компакттуу жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту.   

Акылбек Жапаров Манас айылынын жашоочулары менен болгон жолугушууда чет жерде жашаган мекендештерге колдоо көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. 

“Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасын көп кылымды камтыган жалпы тарыхыбыз байланыштырып турат. Биз тынчтыкта жана ынтымакта жашоону тагдыр өзү белгилеген бир тууган элдербиз. Манас айылын өнүктүрүү, бул жерде жашаган этникалык кыргыздардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча зарыл чаралар көрүлүп жатканы кубандырат. Ата-бабаларыбыздын тилин, маданиятын, үрп-адатын, каада-салтын сактай алганыңыздар абдан жагымдуу. Сиздерди тарыхый мекениңиз менен байланыштырган жип эч качан үзүлбөшү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, — деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы. 

0 Поделились