22-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 22-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;

Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Баткенде түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте 22-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 27…29 градус жогору болот.