Кытайдагы жер титирөө Кыргызстанга таасир берди
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди.
13-мартта саат 03:01де Кытайдын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Эркештам жана Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.