Депутат катышты делген мушташ иликтене баштады

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 12-мартта милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү 03:30дар чамасында Бишкек шаарынын Элебесов көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде белгисиз адамдар анын денесине залал келтиргенин айткан.

Аталган факты райондук милицияга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Азыркы учурда аталган жаңжалдын бардык катышуучулары аныкталып, тергөө амалдары уланууда.

Социалдык тармактарда 11-марттан 12-мартка караган түнү күзөт агенттигине мушташ тууралуу чакыруу түшкөнү боюнча маалымат тарады.

Ага ылайык, ыкчам топ окуя болгон «Золотой дракон» ресторанына барганда 10дон ашык адамдар арасында мушташ болгону аныкталган. Учурда алардын бири азыр оор абалда ооруканага жаткырылган.

Ошол эле учурда бир катар ЖМКлар мушташкандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировго окшош экенин жазышты.

0 Поделились