Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

– Анан… кайсы бир күнү ошол айылдын башына каран күн түшүп, бейкам жаткан элди кайдан-жайдан жоо каптап, заматтын ортосунда айылды өрттөп, күлүн көккө сапырып жиберишет! Сууда ойногон кыз-келиндерди тегеректеп, мазактап кордомой болушат. А бирок ошол кыз-келиндердин арасында жай чилдеде борошолоп кар жаадырып, кыш чилдеде торгой ырдаткан жайчынын жалгыз кызы болгон имиш. Ошондо кыз: «Ушуларга кордолгуча өлүп тыналы! Тынч элибизге кастарын тиккен канкорлорду ала жаталы!» – деп атасынан үйрөнгөн дубалардын эң катаалын каргыш менен жууруп окуй баштайт. Ошондо жер алай-дүлөй болуп, заматтын ичинде кара түн түшүп, асман-жердин ортосунда чагылгандар каршы-терши сайылып, тоо козголуп, жер көчүп, алаамат болуптур! Баягы булактуу аскалардын арасынан ажырап жараңка кетип, кыз-келиндер да, жоо да курал-жарагы, ат-маты менен бүтүндөй ошол жараңкага – жер куйга түшүп кеткен имиш!

Ошондон кийин ушул адыр, ушул Жер-Куй ушинтип ыйлап, шаркыратма, булагы соолуп, боорунда бороону улуп, кагырап калган дешет… Бирок тагдыр-буйрукка айла жок, жайчынын кызы – Күнайымды Кудай колдоп, эч бир жери жабыркабай, аман калат. «Көзүмө бирөө-жарым тирүү көрүнөөр бекен?» – деп, жараңканын ичиндеги өлүктөрдү кыдырып, бир жерден кыңкыстаган үндү угат…

Жылан кайда жатканын унутуп, кыялында так ошол түндө, Бүбү эненин сөрүсүндө жаткандай элестетип, ошондогу көз менен айлана-тегеректи абайлап карап, эстей баштады. Көрдү! Көрдү! Бул үчөөнөн да башка бирөөнү – болгондо да Алымкандын так өзүн көрдү! Тигине… Ай жарыгында адам боюнан бийик жыйылган көңдүн артынан аялдын чыканагы, анан да ала-була көйнөгүнүн этеги булаят.

Бул – Алымкан болчу. Кайненесинин Асылбекти түн жарымында чакыртып алып, эмне укмушту айтат болду экен деп, качан гана эненин тамагы кургап, коздөру сүзүлүп, үнү чыкпай калгыча тыңшап отурган болчу.

Эстеди! Жан Алымканды ошол түнү так ушул отурушунда көргөн. Бирок элес алган да, кайра ал тарапка кылчайып караган да эмес. Ошондон улам го, унутуп калганын карабайсыңбы! Буга чейин жок дегенде бир жолу эстебегенин көр! Эчактан издеген табышмактын жообун таап алгандай, Жандын көздөрү чекчейе түштү.

***

Эки улан бири-бирине өчөшкөнсүп, бири-бирине жооп кылгандай ортодогу отко тең жарыша чычала таштаган майда учкундар чачырап, бийиктеп барып “жылт” этип көрүнбөй калып жатты.

Уландардын кудум ошол учкундар сыяктуу чачыраган каректери дале тирешип, көз караштар аркылуу бири-бирин жөөлөп, бири-бирин омуроолоп, атүгүл бири-бирин карай кантип жылып, ортодогу аралык кантип жакындап калганын да байкабай отурушту. “Байкушум, — деди оюнда. – “Кызмончок сени карабайт! Мен аны сага эмес, сенден кыйындарга бербейм! Уктуңбу?! Алыбек, алыңа карап ышкыр” дегенди билесиңби, жинди?!.”

Тынарды шылдың кылгандай, мыскылдуу жылмайып, башын чайкады Асан. Бул Асанга жакпай кетти. Анын эмнени ойлогонун ачык билбесе дагы, мыскылдап, кемсинтип, оюнда аны менен доолашып, жоолашып, ошол жалгыз жана кымбат адамын талашып турганын ачык эле көрүп турду. Ачуусу келгенденден карасур өңү түктөйүп, жаак эттери карыша түштү да, ордунан калдалактап тура калып:

– Меники! А… ал меники!.. – деп Асанды алка жакадан алып, басып жыгылды.

Адегенде эмне болуп кеткенин түшүнбөй антаңдап калган Алымкан тура калып:

– Кокуй, каран күн! Тур, ай, бала! – деп, Асанды басып жыгылган баласын тарткылап калды.

Асан да Кызмончоктун алдында уят болуп калбасам экен деп, өзүнөн алда канча карылуу Тынардын үстүнөн оодарып түшүргөнгө аракет кылып жатып, акыры суурулуп чыкты да, Тынарды бир колу менен кекиртектеп, барскандай болуп түйүлгөн муштумун күү менен алып келатып, бирок өзүн-өзү токтотуп:

– Жүрү, кыйын болсоң өзүбүзчө барып келели?! – деп ордунан туруп кетти. – Бас, жүрү!– Кокуй, эмне дейт?! Ботом, ушуга теңелесиңби?! Сен деген акыл-эстүү баласың го?! – деп чебеленди Алымкан. – Жакшынакай эле келбедиңер беле, ботом. Баламдын мындайы жок эле, кишиге катылчу эмес эле, катыгүн! Эмне болуп кетти деги?!

Асан этек-жеңин күбүнүп: “Карап кой, муну!” – деди дале болсо буга чейин “жинди” катары маани берип келген уландын өзү менен жол талашып жатканына бир чети таң калып. Баласынын үстү-башын кагып, күйпөлөктөгөн эне:

– Кагылып кетейиним, кагылып кетейиним! – деп уулунун бир чети эркектана окшоп мушташканына жетине албай, бир чети эмне болуп кеткенине түшүнө албай, алдастай берди:

– Кой, балакетиңди алайын! Антпей жүр. Асан – жакшы адамдын баласы… Ал мени өлүмдөн сактап калбадыбы… Болбосо, апаң өлүп калат беле…

– Өзү… – деди Тынар колдурап.

– Балакетиңди алып кетейин, сенин! Сени аман-эсен көрсөткөн Жараткандан айланайын. Отурчу, балам. Отура гой. Мына, бары жакшы болот. Кетебиз үйгө. Аз калды. Эл катары жашайбыз. Баары жакшы болот… Бир жүктөн кутулуп алсам эле… Мына бу Кызмончок эл ичинен ордун тапса эле…

Алымкандын бул сөзү Асанга жакты. “Эл ичинен…” Ооба да, Кызмончокко анан жыландардын арасы орун болмок беле?” Бири-бири менен тиктешип отурган Кызмончок менен жыланды карап койду:

“Мен кантип ушул макулукча болбоюн?! Кызык, булар азыр эмнени ойлоп, эмне тууралуу сүйлөшүп жатышты экен? Бири-биринин тилин кантип таап, билип алышты экен? Жылан го, адамдар менен аралашып, чогуу жашап жүрдү. А Кызмончок кантип?.. Адамдын оюн да окуп, билип алат дешет. Балким, төрөлгөндө эле ага Кудай ушундай өнөр берип койду бекен? Мүмкүн. Бирок анын эмнеси жаман? Эмнеге эл андан чочулап, жерий беришет десең? Караңгылык да. Эгерде мен адамдын оюн окуп, же жан-жаныбарлардын биринин эле тилин билгенимдеби, анда укмуш болмок да… Табыпчылыгымда колдонот элем го? Мейли. Болгону гана Кызмончогум меники болсо болду! Кудайым мага жардам берсе экен? Экөөлөп эл керегине жарайбыз ошондо. Мен сага убада берем, Жаратканым. Менин эс тарткандан берки ушул суранычымды, менин бир каалоомду кабыл кылчы, Жараткан?! Мен Кызмончокту сүйөм, экөөбүздү өмүр бою бир кылчы, Кудай? Мен аны эч качан кор кылбаска, өзүңө да, элге да өмүр бою ак кызмат кылууга убада берем. Атүгүл жыландарга да залакамды тийгизбейм?..”

Ойго батып кеткен Асан мунун баарын Кызмончок менен Жанга окутуп койгонун аңдаган жок. Тээ жымыңдаган жылдыздардын арасынан алда нени, ким бирөөнү туюп, көрүп жаткан сымак, жайнаган каректеринен жаш куюлуп, ушинтип суранып турган болчу ал.

(Уландысы бар)

 

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.