“Уккучтун” биз билбеген терс таасирлери
Күнүмдүк турмушта кол телефон колдонгон ар бир адам сөзсүз түрдө уккуч (наушник) колдонушат. Айрыкча, жаштардын көпчүлүк бөлүгү үйдө, көчөдө жана коомдук унааларда уккучту кулагына салып алып, “бир нерсе” угууну адатка айлантышкан. Көпчүлүгү уккучтун ден соолукка зыянын билишсе деле, ага анча маани беришпейт. Төмөндө зыяндары тууралуу маалымат берүүнү туура көрдүк.
1,1 млрд. адам укпай калуу коркунучунда турат
Уккуч (“кулакчын” деп дагы которуп жүрүшөт) – башка бирөөлөргө тоскоол болбоо үчүн колдонулгандыктан албетте, пайдалуу. Бирок, аны туура эмес колдонсо, үндүн көзөмөлсүз күчөтүлүшү угуу органдарын жагымсыз кесепеттерге алып келет.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнөдө 1,1 млрд. ашуун жаштар уккуч аркылуу катуу музыка угуунун айынан укпай калуу коркунучунда турат. Ал эми окумуштуулардын пикиринде, 2050-жылга карата планетада дээрлик 2,5 млрд. адам тигил же бул даражада угуу көйгөйлөрүнө кабылат. Кеминде 700 млн. адам угуунун начарлашынан улам реабилитацияга муктаж болот.
Уккучту көп колдонгон адамдын нерв системасында ар кандай көйгөйлөр пайда боло баштайт. Мисалы, баш оору, эс тутумдун начарлашы, уйкусуздук, кыжырлануу ж.б. Бул учурда уккучтун үнү гана эмес, мээни нурлантып баштаганы зыяндуу.
Чет элдик окумуштуулардын айтымына караганда, үн өлчөөчү децибел менен эсептегенде адамдын угуу сезими 10-16 децибелден жогорку үн толкундарын уга алат. Эки адамдын ортосундагы тынч маек орто эсеп менен 30-40 децибелде ишке ашат. Адам кыйкырып сүйлөсө, анын үнү 60 децибелге барабар. Эгерде 90-100 децибел болсо, бул адамдын угуу органы үчүн зыян.
Эксперттердин пикирлери…
Казакстандык психолог Айгерим Набиева мындай дейт: “Биз статистикалык изилдөөлөрдү жүргүздүк. Анын жыйынтыгында 30 жашка чейинки жаштардын 70%ынын кулактары укпай калып, ЛОР дарыгерлерге кайрылышат. Бул нормалдуу эмес. Угуу органдарынын бузулушуна көбүнчө уккуч себеп болот”, – деди.
Москвадагы Л. И.Свержевский атындагы Оториноларингология илимий-изилдөө клиникалык институтунун аудиология жана кулактын ички патологиясы бөлүмүнүн жетектөөчү илимий кызматкери Елена Загорская уккучту ар дайым колдонуу адам өмүрүнө коркунуч туудурарын белгилейт: «Эгерде сиз аны абдан көп колдонуп жаткан болсоңуз (айрыкча бизге белгилүү вакуумдуу түрү басымдуу колдонулат эмеспи), алар менен тышкы үндөр чектелет, бул нерсеге маани бербесеңиз, өмүрүңүзгө абдан кооптуу деп эсептейм. Жөнөкөй эле мисал, мындай учурда адам көчөдө баратып, унаалардын үнүн укпай калып, жол кырсыгына кабылышы да мүмкүн».
Айдоочуларга да терс таасирин тийгизип жатабы?
Акыркы убакта уккуч айдоочуларга көбүрөөк терс таасирин тийгизип жаткансыйт. Анткени, кулакчын тагынган жөө адамдар айдоочунун сигнал бергенин укпай калышат. Бир нече жылдан бери Кара- Балта шаарында такси кызматындагы айдоочу Азамат Турганбаев башынан өткөргөн окуяны төмөндөгүчө баяндап берди:
– Мындан эки-үч жыл мурун бир кардарым шаарга жеткирип коюумду өтүнүп калды. Анда кыш болчу. Шаарга бара жатып, Сокулукка жеткенде, бир кыз жолдон өтүп бара жатыптыр. Ал жерде светофор жок болчу. Алыстан сигнал бердим. Бирок, уккан жок. Көрсө, ал кыз уккуч тагынып алып, укпай калыптыр. Жол аябай тайгак экен. Дагы жакшы, убагында машинаны токтотуп калдым. Мындай окуялар менде эле эмес башка айдоочуларда да болсо керек. Ошондуктан жаштарга айтаарым, жок дегенде машина көп өткөн жолдордо өз өмүрүңөргө сак болсоңор!. («Аны да тандоо зарыл» десечи?)
Аны да тандоо жасоо зарыл
Москва шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин башкы оториноларингологу Андрей Крюков белгилегендей, уккучтун түрлөрүн аны колдонуу максаттарына карап, ар бир адам өзү тандайт. Жашы улуулар телекөрсөтүүлөрдү угуу үчүн зымы бар узун же такыр эле зымсыз кулакчындарды көп колдонушат. Ал эми жаштарда вакуумдуу же зымсыз, сырткы үндү басаңдаткан кулакчындар популярдуу.
«Эң башкысы, адам уккучтарды кантип тандап алуу керектигин билүүсү шарт. Айталы, кулактын ичине кире турган силикон бөлүгү кулакка дал келиши керек. Антпесе, бат эле түшүп кала берет. Ошол эле учурда тышкы угуу каналынын назик терисине зыян келтирбеши керек. Себеби, тышкы угуу каналынын терисиндеги кичинекей эле жаракат андан ары оор абалга алып келиши мүмкүн жана сезгенүү процессинин өнүгүү ыктымалдуулугу жогору болот. Ошондой эле аларды бат-баттан антимикробдук дезинфекция каражаттары менен тазалап туруу зарыл», — деди ал.
Кулак оорулары оңой дарыланбайт
Дарыгерлердин айтымында, угуу жөндөмүнүн төмөндөшү ар дайым эле ийгиликтүү дарыланбайт. Андыктан, алар адамдарга өздөрүнүн угуу органына кылдат мамиле кылуу жана катуу үндөрдөн сактоо керектигин сунушташат.
Асел МУСА кызы