“Өз мамлекетиңден кетип калуу жыргал жашоо эмес…”
“Мекендин деми күчтүү, керемет, ыйык. Көп жылдардан бери четте жүрүп, кез-кез Кыргызстанга барып калсам, өз мекенимдеги ар бир күн мен үчүн өзүнчө эле майрамга окшоп өтөт…” – деген кыргыздын билимдүү, таланттуу кыздарынын бири Асыл Рыскулова 20 жылдын ары жак бери жагын камтыган убакыттан бери Испаниянын Барселона шаарында жашайт, ал арада испан жигитине турмушка чыгып, алыста, бөлөк эл, бөтөн жердин салтын өздөштүрүп толук кандуу үй-бүлө күтүп калган кызыбыз менен маек курдук.
– Асыл айым, сиздин Москвага, Түркияга же дагы башка жакка эмес, Испанияга карай кеткен жолуңуз бизге кызык болуп калды. Качан, кантип, эмне себептер менен Испанияга кетип калдыңыз эле?
– 1990-жылдары апамдын иниси – таекем үйлөнүп калды, таежеңем жарым испан, жарым немец улутундагы кыз экен. Экөө Бишкектен табышып, үйлөнүп, кийин Испаниянын Барселона шаарына жашап, иштеп келүү үчүн кетишти. Анан кыздуу болушту. Ошол кичинекей кыздын тилин кыргызча чыгаруу үчүн аларга ишенимдүү, анан кыргыз тилдүү бала багуучу керек болуп, таежеңем мага кайрылган. Мен студент элем, алардын жардамы менен Испания шаарына бир жылдык студенттик виза ачтырып, бөбөктүн тилин кыргызча чыгарууга жардам берүү максатында барып калдым. Окуумду ошол жактан уланттым. Бир жылга барып, тагдырдын буйругу менен өмүрүм Испанияда өтө турган болуп калды.
– Испан жигитине турмушка чыгып, ошол улуттун жашоо-тиричилигине кеңири аралашып калыптырсыз. Улуттар арасындагы кандай айырмачылыктарды байкай алдыңыз?
– Испан улутунун мүнөздүү өзгөчөлүгү катары баса белгилеп айтчу бир сапаты – алардын шайырдыгы. Абдан позитивге бай эл. Ал эми биздин кыргыз элине окшоп кеткен бир жагы бар, бул алардын абдан тууганчылдыгы. Тууганга күйүмдүү эл келишет. Мисалы, испан уул-кыздары чоңоюп, өз-өзүнчө түтүн булаткан күндө да эч качан ата-эненин үйүнөн алыс жашашпайт. Ата-энеси жашаган кварталдын ичинен алыс кетпей үй очогун тутантып, бүлө күткөн уул-кыздарды арбын кездештирүүгө болот. Ал эми дем алыш күндөрдү баары чогулуп ата-эненин кашында өткөрүүнү салт кылып алышкан. Дагы бир кызык көрүнүш бар – испан элинин жаштарга болгон мамилеси такыр башка, мисалы мен үйдө келин катары милдетим деп эсептеп, идиш-аяк жууюн десем, кайын атам мени аяп, өзүм жууйм деп талашат… Мамлекеттик саясатында да, жалпы элинин мүнөзүндө деле улуу муундун кичүү муунга жасаган мамилеси бизден такыр башкача нукта өнүккөн. “Жаштар тынымсыз иштейт, жаштар бала тарбиялайт, жаштар чарчайт, жаштарга көп күч керек…” деген тариздеги мамиледен улам үйдө болобу, коомдук унааларда болобу, айтор улуу муун жаштарды аяп, өзгөчө камкор мамиле жасашат. Дайыма жаштардын ишин жеңилдетүүгө аракет кылып турушат.
– Жүзүңүздөн өз тагдырына болгон ыраазычылык байкалып турат экен. Бирок ошентсе да, мекенге болгон бир сагыныч жүрөгүңүздө жашайттыр?
– Менден жаштар көп сурашат, кантип Барселонага кетип калдыңыз, биз кантип кетип калсак болот деп. Өз мамлекетиңден кетип калуу эле жыргал жашоо эмес. Алгачкы күндөрү туулган жериңе, шаарыңа, айылыңа болгон кусалыктан улам депрессияга түшкөн күндөр болот. Башында айтып өткөндөй, мен Испаниянын Барселона шаарына бир жылга гана деп кеткен элем. Кыргызстанды сагынып абдан кыйналдым. Өзүм кадимки эле айылдын кызы болсом… Анан дайыма ошондой чүнчүгөн абалда жүрө бергиң келбейт, өзүңдөн өзүң изденесиң, чоңураак, келечектүү иштер жөнүндө ойлоно баштайсың. Өзүң түзгөн иштин кызыгына кирип, баш-отуң менен окуу, ишке алагды болуп жатып көкүрөктөгү Мекенге болгон сагынычты жеңет экенсиң.
– Испан жигити менен кантип таанышып, табышып калдыңыз?
– Негизи ал жакта жаштарга абдан жакшы шарт түзүлгөн. Он сегиз жаштан кийин Европанын ички шаарларында эркин саякаттап жүрө беришет, үч айлап улам бир шаарына барып, тил үйрөнүшөт, иш тажрыйбаларын бөлүшөт, таанышат, достошот. Мен да ар кайсы улуттан – англичандардан, немистерден көп досторду тапкам. Арасында бир ирлан кызы менен абдан жакын курбулардан болуп калдык. Бир күнү бир немис курбум айтып калды: “Асыл, Азия фестивалы өтүп жатыптыр, баралыбы?” деп. Карасам, программасында Кыргызстан да жүрөт. Кубанычым койнума батпай, кичинекей кол желегимди көтөрүп алып, дароо жөнөдүк. Фестиваль абдан жакшы өттү, мекендештер менен көрүштүм, атайын көргөзмөдө Кыргызстандан барган улуттук тамаш-аштардан ооз тийип, курбуларыма сыймыктанып, мактанып жүрүп, ошол иш-чарада болочок жолдошум менен таанышып калдым. Кийинче-рээк жашоо-турмушка болгон көз караштарыбыз дал келишип, бири-бирибизди жактырып, баш кошуп алдык.
– Кийин, Испанияда калуу чечимин кабыл алуу оор болгон жокпу?
– Бул да өзүнчө бир процесс… Испаниядагы кыргыз диаспорасынын алдында уюшулган жаштар бөлүмү бар, мен да арасында элем. Башкалардан айырмаланып өтө мекенчил, улутчул элем. “Эч качан бөлөк улутка турмушка чыкпайм, кыргыз жигитине гана турмушка чыгам” дечүмүн. Мекенге арнап ырларды жазчумун… Көрсө, бул турмушта “Эч качан…” деген сөздү эч качан колдонбош керек экенбиз. Адам тагдырындагы көп нерсе Кудайдын буйругу менен өзгөрөт экен. Азыр ошондогу кыргыз курбуларым күлүшөт: “Асыл, кана баягы убадаң? Кайда кетип калдың?” дешип.
– Мекенге болгон сүйүү сиздин акындык да шыгыңызды ойготкон экен десек туура болобу?
– “Кайрылуу” аттуу ырым бар эле, ошону окуп берейин…