Кытай калкы картаюуда…
Калкынын саны боюнча дүйнөдөгү жалпы адамзаттын алтыдан бир бөлүгүн түзгөн Кытайда жашы 65тен ашкан, оор жумушка жарашы кыйын болгон адамдардын саны убакыттын өтүшү менен көбөйүп, 2080-жылдарда эмгекке жарамдуу калктын санынан ашып кетери күтүлүүдө.
Мындай демографиялык кубулуштун бирден-бир себеби катары, 2016-жылга чейин 35 жыл бою өкүм сүргөн, кытай жарандарына бир баладан ашык перзент күтүүгө тыюу салынган мыйзамды айтышат.
Өлкөдө жаштардын санына караганда кары адамдардын саны көбөйүп баратканын байкаган Кытай бийлиги жети жыл мурда “бир бөбөк” мыйзамын жокко чыгарып, ар бир үй бүлөгө үчтөн перзент күтүүгө уруксат берген. Бирок, ага карабай, өлкөдө балдардын көп төрөлүшүн камсыздоо боюнча абал жакшырып кеткен эмес. Мамлекет өз элин үч балалуу болууга үндөп, салык төлөөдөгү пайыздардын аздыгы, турак-жайга субсидия берүү, декреттик өргүү сыяктуу жеңилдиктерин жарыялаганына карабай кытай аялдары көп төрөөгө ашыгышкан жок.
Аялдардын бала күтүүгө кызыкпаган мындай салкын кандуу мамилесин кытай коомчулугунда ар түрдүү себептерге жоруп жатышат. Бир даары, муну өлкөдөгү жашоонун кымбаттыгына байланыштуу дешсе, айрымдары “…өлкөнүн калкы 35 жылдан бери бир перзент күтүүгө, чакан үй-бүлө күтүүгө аң-сезимдик жактан көнүп калышкан, азырынча алар үчүн чоң үй-бүлө болуп эсептеле турган үч бала күтүүгө психологиялык жактан жаштар даяр эмес” дешет.
Ал эми Шанхай социалдык илимдер академиясынын изилдөөчүлөрү кытай калкынын саны 2021-жылдан баштап жыл сайын 1,1 пайызга кыскара баштайт деп белгилешкен болчу. Эгерде алардын эсептөөлөрү туура келсе, 2100-жылга жеткен убакыт мерчеминде кытай калкынын азыркы саны 587 млн. чейин азайышы мүмкүн.
Ошол эле 2016-жылга чейин өкүм сүргөн “бир бөбөк” саясатынан улам, учурда Кытайда төрөткө жарамдуу аялзатынын саны аз. Себеби, көп балалуу болууга тыюу салынган жылдарда көптөгөн түгөйлөр эркек балалуу болууга басым жасашып, кыздардын саны азайып кеткен.
Кытай экономикасына терс таасирин тийгизүүчү факторлор катары Шанхай социалдык илимдер академиясынын изилдөөчүлөрү төмөнкү жагдайларды белгилешет, эгерде калктын жаштар катмары көбөйбөсө, Кытай өз ресурстарынын көбүн улгайып калган калкынын талаптарын канааттандыруу үчүн жумшап калат. Аны менен бирге өлкөдө жумушчу күчү азайып, айлык маяналар кескин өсүп кетет. Кары адамдарына көрсөтүлүүчү социалдык камкордуктар менен медициналык жардамдар үчүн да кытайда көп каражат талап кылынары айтылууда.
Махабат АЛЫМБЕК кызы