Дос жөнүндө дастан

Кыргызстандын акыркы кылымдагы тарыхында гезит-журналдар аз болбоду, дагы болот, бирок республикабыздын саясий, социалдык жана маданий, илим-билим жактан калыптанып, өнүгүүсүндө азыркы “Кыргыз Туусу” гезитиндей өзгөчө чоң роль ойногон басылма  болгон эмес, мындан ары болбойт дагы.

Өзгөчө тарыхый миссияны аткарган гезит

Анткени, ал 1924-жылы 7-ноябрда алгачкы саны “Эркин Тоо” аталышында чыккан, Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшү менен бир жаралган, ал саясий-уюштуруучу иштерди жүргүзүп, окурмандарды жаңылыктар, чечимдер, токтомдор менен тааныштыруучу басылманын гана эмес, ал мезгилде жазма-басма иштери жокко эсе, элдин дээрлик баары сабатсыз  болгондуктан алиппенин да милдетин аткарган. Ликбездерде, кружоктордо жана курс-тарда иштеген мугалимдер, активисттер 1930-жылдардын башталышына чейин “Эркин Тоону” тамга таанытып, жазууну үйрөтүүчү  окуу куралы катары да пайдаланышкан. Акчалары жок артелдер, бирикмелер, колхоздор  ага буудай, пахта, жүн сыяктуу натуралай нерселерди берип жазылышкан.

Анын алгачкы сандарын ысымдары Кыргыз мамлекетинин тарыхына түбөлүккө кирип калган Абдыкерим Сыдыков, Осмонкул Алиев, Жусуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов, Эшеналы Арабаев, Иманали Айдарбеков, Хусейин Карасаев,  Аалы Токомбаев, Мурат Салихов сыяктуу инсандар чыгарышкан, көпчүлүгү ар кайсыл убактарда анын редактору болуп да иштеген. Кыргыз кесипкөй адабиятын, искусствосун түптөгөндөрдүн дээрлик бардыгы убагында активдүү кабарчылардан болушкан, алгачкы чыгармаларын анда  жарыялашкан.

Улуттук төл гезиттин биринчи саны жарык көргөнүнө 2024-жылдын ноябрында 100 жыл болот. Ага карата өкмөт атайын токтом кабыл алып, аны кеңири улуттук масштабда белгилесе, туура болот. Ал гезиттин гана эмес, ага мээнеттерин жумшаган жогоруда аталган жана аталбай калган мамлекеттигибизди түптөгөндөрдүн  өлбөс-өчпөс эмгектерине берилген баа, арбактарынын алдындагы таазим  болмок.

Жүрөгүндө күн жашайт!

Булар ыгы келгенде айтылды, эми  өзүбүз максат кылганга  кайрылсак, ушул кыргыздын алгачкы басылмасы “Кыргыз Туусун”  (1927- жылга чейин “Эркин Тоо”, 1956-жылга чейин “Кызыл Кыргызстан”, 1991-жылга чейин “Советтик Кыргызстан”) көз карандысыздыктан кийинки мезгилде эң ийгиликтүү жетектегендердин бири Абдиламит Матисаков болгонун көп жылдар бою ал басылмада да иштеген чыгаан журналист Мундузбек Тентимишов “Жүрөгүндө күн жашайт” деген китебинде өзгөчө өңүттө ачып берген.

Мундузбек досум өзгөчө профилдеги журналист, аны гезитчи дебей эле кийиз китепчи-летописчи десе болот. Ал учурга карата Кыргызстандагы тарыхый урунттуу окуяларга, белгилүү адамдарга арналган 50гө жакын китеп чыгарды. Алардын баарын бириктирип, бир теманын алдында – “Мундузбекнаама” десек, жаңылбайбыз. Анткени, анын жазгандарында өлкөбүздүн тарыхы, маданияты, чыгаандардын өмүр жолдору чагылдырылып келатат.

Мундузбек жазган бейнекерлеринин ичинен Абдиламит досумду жакшы билет десем жаңылышпайм. Биз филологияда болсок, экөөсү журналистикада беш жыл бирге окушту. “Ленинчил жашта” бирге иштешип, мени колдорунан келишинче колдошту, сүрөмөлөштү. Анан “Кыргыз Туусунда” бирге иштешти, аларга кийинчерээк мен кошулдум.

Абыкебиз алгач талантуу гезитчиден – республикадагы башкы басылманын Башкы редакторлугуна, өз стили, ыргагы жана көрүп-чагылдыруу ыгы бар жаш жазуучудан – Кыргыз эл жазуучусуна чейин жеткен эволоюциялык байсалдуу жолу анын аталган китебинде өзгөчө симпатиялуу маанайда ачып берилген.

Кыргызстандын тарыхында өлкөбүздүн башкы окуу жайында журналистика бөлүмү 1950-жылдардын аягында биринчи жолу ачылып, он жыл өтпөй жабылган. Экинчи ирет ал СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде 1974-жылы ачылып, ошондон бери өнүгүп өсүп келүүдө. Азыр өзүнчө факультет. Келерки жылы анын кайра жаралганына 50 жыл болот. М.Тентимишов менен А.Матисаков анын биринчи бүтүрүүчүлөрүнөн болушкан. Улуттук журналистикабыздын өнүгүшүнө бараандуу салымдарын кошушкан Эсенбай Нурушев, Абдыкадыр Султанбаев, Таалайбек Темиров, Абдимухтар Абилов, Алтын Асанова, Гүлмайрам Саалаева да алардын курсташтары. М.Тентимишовдун китебинде Токтосун Мамбетсариев, Мукай Сасыкуловдой агайларынын гана эмес,  жогорудагы айрым курсташтарынын инсандык, калемгерлик өзгөчөлүктөрү жылуу маанайда сүрөттөлгөн.

Мукебиздин китеби Эл жазуучусу, чоң журналист А.Матисаковго арналганы менен анда улуттук журналистикабыздын урунттуу учурларынын баары камтылган. Демек, аны журналистика боюнча окуу китеби катары пайдаланса да болот.

Романтикалык мезгилдер

Китепте жүрөктөрү романтикага толгон жаштардын студент, айрымдары студенттикке кандидат болуп университеттин эшигин аттап, анан “планга кирбей калыптыр, журналистиканы филология кошобуз” дегенде ортолорунан акча чогултушуп КПСС БКнын экинчи адамы, идеология боюнча катчы М.А.Сусловго телеграмма жөнөтүшүп, анын кийлигишүүсү менен жоюлбай калганы, А.Камилов, Т.Мамбетсариев, М.Сасыкулов сыяктуу эстен кеткис окутуучулар, андан кийинки гезиттерде иштеген жылдар, өздөрү акын болушса да жүрөктөрү гезитчи бойдон калган Т.Үмөталиев, К.Осмоналиев сыяктуу залкарлар, Абдиламиттин Сүймөнкул Чокморовдун бейнесин жаңыча ачканы, “Кыргыз Туусунун” чыгаандары, Абыкебиздин инсандык сапаттары, ага арналган ырлар дагы башка ушул сыяктуулар баяндалат. Кандай окуялар жөнүндө айтылбасын, алар А.Матисаковдун адамдык, журналисттик жана жазуучулук сапаттарынын тутумунан каралып, тереңирээк ачып берүү үчүн пайдаланылган. Биз китептен: гезиттик ишти уюштура да, жаза да, таланттууларды көрө билип, дайыма аларды колдоп сүрөгөн, эсселери, аңгеме-повесттери гана эмес, жан дүйнөсү да жазгы күнгөйдөй  күнөстүү инсандын бейнесин көрөбүз.

Абыкебиз жаш журналисттердин мектеби болгон “Ленинчил жашта” кабарчы, жооптуу катчы, республикадагы башкы партиялык басылма – “Советтик Кыргызстанда” бөлүм башчы, Журналисттер союзунун төрагасынын орун басары, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору, УТРКнын президенти, Президенттик администрацияда бөлүм башчы болуп иштеп, 90-жылдардын ортосунда “Кыргыз Туусуна” кайра келди. Ал экинчи ирет башкы редактор болгондо гезиттин нускасы кескин түшүп, карыздары көбөйүп, эптеп күн өткөрүп  жаткан.

 “Эгерде гезитти чыгарганга алты айлык акчанын кору болбосо, мен түндө тынч уктай албай калам”

Мен 2003-жылдан бер жагына күбөмүн. Менин айтайын дегеним, А.Матисаковдун уюшту-руучулук жана менеджерлик  жөндөмү да күчтүү. Ал башкы редактор болуп турганда акырындап “Кыргыз Туусунун” нускасы көбөйүп отуруп, 21 миңге чейин жетти. Ошол учурда гезит бир жумада эки ирет чыкчу: шейшембидегиси – 16 бет болсо, жума күнкүсү – 24 эле. Материал өтө көбөйүп кетсе же саясий, социалдык маанилүү окуялар болсо, айрым сандарынын көлөмү 32 бетке чейин жетчү. Ал убакта материал жетишпейт дегенди укпадым, көрбөдүм. Өзгөчө тарыхый, маданий, адабий темадагы материалдар шыкалып турчу. Алдын ала даярдалып, пленкага чыгарылган полосалардын саны 30-40тан кемичү эмес.

Тилекке каршы, ал убакта гезит менен активдүү кызматташкан абройлуу инсандардын көбүнүн көздөрү өтүп кетти. Ал убакта редакцияда иштеген Бекбай Алыкулов, Токтомуш Өскөнов, Шекербек Сартов, Назарбек Байжигитов арабызда жок. Алардын баары гезитчи гана эмес, адам катары да кайталангыс инсандардан эле. Мундузбек китебинде алардын бейнелерин да ачып берген.

Бир жолу жыйында Абдмиламиттин: “Эгерде гезитти чыгарганга алты айлык акчанын кору болбосо, мен түндө тынч уктай албай калам” деп айтканы эсимде. Ал экинчи ирет башкы редактор болгондон тартып, гезитти өзүн өзү толук каржылоого жеткирип, акчанын алты айлык корун да эсепте кармап турган. Ошондуктан ал 40тан ашык кызматкерге бир жылда 5-6 жолудан кем эмес сыйлык бердирчү. Ал бир айлык маянадан кем болчу эмес. 2005-жылы мартта иштен кеткенде гезиттин эсебинде 2 миллион сомдон ашык акча турган.

Тилекке каршы, көз карандысыздыктан берки кадрдык башаламандыктардын кесепетин баарынан да өкмөттүк басылмалар көп тартышты. Анткени, бийлик алмашар менен “бул мурдагы бийликтегилердики. Аны өзүбүздүн адамга алмаштырабыз” дешет. Алардыкы кийинки бийликтегилер үчүн автоматтык түрдө бөтөнгө айланат да, дагы башкасы келет. Жаңы келгени эркин ЖМКларда  иштеп жүргөн бирөө болсо, өкмөттүк басылманы алардын стилине салууга аракеттенет. “Кыргыз Туусу” андай эксперименттерден жүдөдү, көп нерсесин жоготту.

Эгерде  Абдиламитти 2005-жылы мартта кетиришпегенде, ал “Кыргыз Туусун” акырындап бир убактагы “Кыргызстан маданиятындай” рухий чөйрөнүн көйгөйлөрүнө адистешкен басылмага айландырмак. Ага Абдиламиттин рухий жана  уюштуруучулук сапаты, деңгээли толук  жетмек. Гезит ошол жолдо бараткан. Мен азыр деле “Кыргыз Туусунун” келечегин андан башкача  элестете албайм. Өкмөттүн патронажында тургандан кийин саясый, эл аралык, экономикалык ж.б. кабарларды берүү керек, гезит саясаттын архиви катары да милдет аткарат. Бирок, баары бир гезит кийин ЖМКлар сис-
темасында улуттук дөөлөттөрдүн, кызыкчылыктардын олуттуу маселелерин козгогон басылма катары кармалып кала алат деп ойлойм. Ага аты да, тарыхы да  милдеттендирет.

Азыр басылмалардан эч ким жаңылыктарды, кабарларды издебейт, ага башка булактар ашыгы менен жетишет. Дүйнөдө мына ошондой айрым маанилүү окуяларга компетенттүү аналитикалык комментариялары үчүн гана гезиттерди окушат. Тилекке каршы, азыркы басылмалар андайларды сунуш кыла албай, дүйнөлүк журналистика 8 баскычтан турса, анын 3 тепкичинен өйдө көтөрүлө албагандыктары үчүн акырындап жабылууда. Гезиттер максат-милдеттерин, философияларын кескин өзгөртмөйүнчө андай көрүнүш токтобойт. Ага даярдыгы, жөндөмү жеткидей журналисттерди, талдоочулдарды табуу андан да кыйын. Мындай абалга журналист-менеджерлерди баалабагандыгыбыздан улам тушуктук.  Эми аны оңдоо аябагандай кыйын, кээде мүмкүн эмеспи деп да кетем. Бирок, үмүттүн шооласы үзүлбөшү керек.

Кыскасы, көйгөйлөр көп, ага көңүл бургандар аз. Мына ушундай татаал мезгилде улуттук журналистикада бараандуу из калтырган досторум менен сыймыктанамын.

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ

0 Поделились