Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Жакында “Жыландын сүйүүсүнүн”  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбызда 1-2-китебин сунуштоодобуз.

Капырай десең! Кимдин оюна келет дейсиң, мындай иш?! Кимдин акылына сыят?! Ким ойлоптур, аңгыраган ээн адырды пааналаган мына бул жылан баласы адамга окшоп, адам баласына ашык болуп, адам баласы  үчүн сыздап калат деп! Деги, адам баласынын акылы айран болуп, дене бою дүркүрөй турган укмуш бул!..

Боп-боз адырда боздоп, бороон улуп атты. Эзели бетине эчтеке чыкпай, ансыз да түктүйгөн бул беттин топурагын тытмалап, шамал ышкырат. Ага деле кайыл болуп, тээ атамзамандан бери ушул жерде жатчу үйдөй кара таштын коңулунда, адамдардын айылы тараптан көзүн албай, тикчийет жылан. Бийиктиги адам боюнан бийик, денесинин ар кай, ар кай жеринде гана азыраак темгилдери бар ак жылан…

Мындан анчалык алыс эмес, орчук таштуу аскалардын арасында, адам түгүл куш кирип кетсе кайра чыккыс Жинди-Чап деп аталган Жер-Куйдун түбүндө анын мекени бар. Узундугу тээ ат чабым жерге чейин созулуп жаткан ушул Жер-Куй жөнүндө адамдар «илгери-илгери» деп аңыз кылышат… Ошол илгери-илгери ушул адыр көк тулаңы жайкалган жашыл төр болгон дешет. Береги жылаңач асканын боорунан дирилдеп булак агып, ал булактан кыз-келиндер суу алып, сапырылган шаркыратмага денелерин жуучу тура. Анан… кайсы бир күнү ошол айылдын башына каран күн түшкөн дешет! Бейкам жаткан элди кайдан-жайдан жоо каптап, айылды өрттөп, күлүн көккө сапырат! Сууда ойногон кыз-келиндерди тегеректеп, мазактап кордомой болушат. А бирок ал кыздардын арасында, жай чилдеде борошолоп кар жаадырып, кыш чилдеде торгой ырдаткан жайчынын жалгыз  кызы болгон имиш. Ошондо кыз: «Ушуларга кордолгуча өлүп тыналы! Тынч элибизге кастарын тиккен канкорлорду ала жаталы!» – деп атасынан үйрөнгөн дубалардын эң катаалын каргыш менен жууруп окуйт. Ошондо жер алай-дүлөй болуп, заматтын ичинде кара түн түшүп, асман-жердин ортосунда каршы-терши чагылгандар сайылып, тоо козголуп, жер көчүп, алаамат болуптур! Баягы булактуу аскалардын арасынан ажырап жараңка кетип, кыз-келиндер да, курал-жарагы, ат-маты менен жоо да бүтүндөй ошол жараңкага – Жер-Куйга түшүп кеткен имиш!

Ошондон кийин ушул адыр ушинтип ыйлап, шаркыратма, булагы соолуп, кагырап калган дешет. Ал жерге эми адам да жолобойт. Жер-Куйга кирген мал-жан кайра чыкпайт. Ошон үчүн бул жер Жинди-Чап деп аталып, жалгыз гана жыландарын мекени болуп калган делет!

 * * *

Береги биздин ак жылан да так ошол жыландардын мекени – Жер-Куйдан  чыккан. Алла таалам тагдырына ошону жазгандай, анан калса ошол чыпалактай кезинен эле адам баласына жакын болду. Адамдар жүргөн жерлерди айланчыктап, ошолорду акмалап, айтор, жер куй өйдө суурулуп чыгып,  орчук таштуу аскалардын арасынан көп кетчү… Ошол адаты али күнчө кала элек. Калмак тургай минтип, улам барган сайын татаалдашып баратат жана акыры эмне менен бүтөрү али эч кимге белгисиз…

Бороондун боздогону али басыла элек. Аба ырайы жакшы болгондобу, азыр убакыт чак түш, күн чакыйып төбөдө болмок. А бирок бирде түрмөктөлө калып, бирде чоюлуп узара түшүп, чубалып жерде жаткан жылан аба ырайына деле кайыл болчу. Чындап келсе, үстү-башын улам боз топурак менен көөмп, кайра анысын заматта «жууп» кетип, бирде ыркырап, бирде созолонто ышкырган шамалды ал тоготкон да, сезген да жок. Болгону эле бүт тулкусу от менен жалын болуп, сагынычтан бекен, эс-акылы да, оор денеси да тынч ала албай, тынымсыз чабалактай берди.

О, эгерде ошол күздөгү окуя болбогондо!.. Анда жыланды азыр эч нерсе, эч ким токтото алмак эмес! Кудум баягысындай учуп-күйүп, айылга түшүп бармак! Андайда анын келе жатканын Кызмончогу да сезип, кызыл көйнөгүнүн этек-жеңин делбиретип, колундагы жоолугун желбиретип, жолунан тосо чуркайт эле! Кокус антпей калса, баягы өзү салып алган жол менен жылан түз эле үйгө кирип бармак! Кудум адамдардай экөө анан көпкө чейин кучакташып турушмак! Кызмончок сүйүнгөнүнөн Жанын бооруна кысып алып тегеренип-тегеренип алмак. Андайда экөөнү аңкая караган ата-энеси же сүйүнөөрүн, же күйүнөөрүн билбей, эси ооп турушат эле. Качан гана Кызмончоктун кучагынан куюлуп түшүп, Асылбек менен Сырганын аяк алдына келгенде, бет маңдайында балага окшоп болбурап, сагынычын жашыра албай, эркелеп турган жыланга Сырга түтпөй кетмек! Күйөөсүнөн саал тартынып, бирок озунуп учурашып:

– Кандай, Жан? Жакшыбы?.. – деп мээримдүү күлүмсүрөмөк. Ошондон кийин гана Асылбек баягысындай эле ооз учунан:

– Келдиңби?! – дейт эле. А бирок анын бир гана ушул сөзүнөн Жан көп нерсени туйчу. Билгизбегени менен андан деле кандайдыр… ооба, ата катарыбы, же тек гана адам катарыбы… Жанга карата тымызын бир жылуулук, мээрим сезилчү. Ошол эле учурда Асылбек Жандын минтип, жаз сайын кайра кайтып келишин  жактырчу эмес… Ошол жерде бөжөйүп олтура калышып же өздөрүнчө бөлүнө түшүп, сагынычтарын айтышып жаткан Кызмончок менен Жанга акырын-аста көз кырын салып, ойго батып кетчү.

Кызмончок андайда Жандан кышты кандай өткөргөнүн сурайт эле. Жан болсо абдаарып калчу. Кышы бою эч нерсе билбей, сезбей чээнде уктаганын кантип айтат?! Кызмончоктун алдында ансыз да айбан экендиги үчүн арман кылып жүргөн макулукка бул оор тийчү. Кызмончок эле болсо ошону туйбайт дейсиңби?! Туйчу! Атүгүл жылан досунун эмнени ойлоп, эмнени жашырып-жаап жатканын көздөрүнөн эле көрүп алчу да, ууртунан күлүмсүрөп, эмнегедир ичи элжиреп кеткендей бооруна кайра да кысып, эркелете  тиктечү. «Балким, ал анда мени аячудур? – деди эми оюнда Жан. – Мүмкүн…» Анткени, андан ары кыз эч нерсе сурачу эмес. Өздөрү жөнүндө божурап айтып берчү. Кыштата Жанды сагынганын, аны канча ирет түшүндө көргөнүн, атүгүл анын сүрөтторүн ак болотнайга  саймалап сактаганын  айтып, жүктүн астындагы чакан, кооз сандыгын алып чыгып, жыландын ар кыл сүрөттөрү түшүрүлгөн чоң, кичине аппак чүпүрөктөрдү алдына жая баштачу. Жан да анын ар бирине тирмийе тиктеп, кыздын сыйкырчыдай касиетине таң берип аппак, кичинекей, жумшак колдоруна суктана карачу. А бирок ичинде канчалык жетине албай турганы менен, ошого удаа эле «аттиң!» деген өкүнүч өзөгүн өрттөп, куйкалап турчу! Өзүнүн да ушундай колу, буту болгондобу, Кызмончогуна кандайдыр белектерди арнабайт беле!

Оюнун ушул жерине келгенде дагы бир жолу катуу онтоп, үшкүргөндөй узакка: «Кышш-ш!..» – этти Жан. Эмнегедир убакыт өтпөй, токтоп калгандай сезилип, ансайын ордуна батпай, тынчы кете баштады. Коңулдан кайра да суурулуп чыгып, башын койкойто калып, айыл тарапты карады. Бирин-экин айылдыктардан башка көзүнө эч ким, эч нерсе чалдыккан жок! Жер жазданып, тунжурап жата кетти да, оюна бир нерсе түшө калгандай, же баарына тобокел кылгандай, анан ушунчалык тездик менен ийрелеңдеп, айылды көздөй баратты! Боору жерге тийип-тийбей зымылдаган жыланды азыр токтотууга эч мүмкүн эмес болчу!

Бир гана күч, бир гана нерсе болбогондо ким билет, эмне болмок?!

Күздөн жазга чейинки убакыт бир кылымга татып, сагынычы жанына ушунчалык батып, шашкандан го, карышкан мойну улам алдыга узара түшүп «учуп» келатты.

* * *

Октой сызган жыландын көз алдына кайдан-жайдан кызыл көйнөгүнүн этек-жеңи шамалга делбектеген, кыжымы чыптамачан кыздын элеси булактап көрүнө калып, ошол элеске удаа эле адам баласынын тааныш добушу үзүл-кесил угула түштү! Бирок үн буга жетпей… ортодон шамал жулуп, ың-жыңсыз учуруп кетти. Билди! Демек, Кызмончок да анын келатканын туюп, кандайдыр… шашылыш белги берип, алда нелерди айтып жаналекетке түшө баштады! Ансайын так төбөсүнөн, көкүрөгүнөн  түрткөн шамалды жирей  үндү тыңшап, умсунуп барат Жан!

Көп өтпөй жүрүшүн азайтты… Токтоп, тыңшады. А бирок баары бир кыздын үнүн кармай албай убаралана берди. Баятан бери тоготпой келаткан жылан  эми бороон-чапкынга  кыжыры келди, ызаланып, туталанды! Ошон үчүн го, чубалган оор денесин соңку кырга чейин араңдан зорго сүйрөп келди да, жарым-жартылай тура калып, төмөн тарапка көз жиберди.

(Уландысы бар)

Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп): 3 комментария

  • Май 12, 2017 в 9:31 дп
    Permalink

    Уландысы качан чыгат сураныч эртерээк чыгаргылачы соонун чыгарма экен. Китеби чыкканбы кайдан тапса болот баасы канча?

    • Май 12, 2017 в 9:47 дп
      Permalink

      Иш күндөрү эртең менен жүктөлөт.

  • Уведомление:Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп) - Кыргыз Туусу

Комментарии запрещены.