Францияны каршылык акциялары каптады
Францияда өкмөттүн пенсиялык реформасына каршы жалпы улуттук толкундоолор токтобой жатат. Жыл башынан бери эл алтынчы жолу эң чоң каршылык акциясына чыкты.
Париж, Лион, Марсель ж.б. шаарларында толкуган элдин саны 1,5 млн. жетти деген маалымат бар. Бул өлкөдө калктын негизги катмары токтоосуз картаюнун үстүндө, 50 жыл мурда 1 пенсионерге 7 иштеген адам туура келген болсо, андан кийинки жылдары 4, азыркы күндө 2 адам туура келип калган. Президент Эммануэль Макрондун командасы иштеп чыккан мыйзам долбоору боюнча 2030-жылга чейин калктын пенсия жашын 62ден 64 жашка жогорулатуу, пенсияга чыгуу үчүн эмгек стажы 43 жылдан кем болбошу каралган.
Радикалдык маанайдагы демонстранттар полиция менен кагылышкан учурлар арбын. Алар брусчатка жана күйүүчү каражаттарды полиция тарапка ыргытышты. Полиция көздөн жаш чыгаруучу зат менен аткылап жатат. Ондогон шаарларда коомдук транспорт дээрлик токтоп калды. Каршылык акцияларга балдары менен келгендер көп. Анткени, университеттер, мектептер, бала бакчалар жабылып калды. Массалык жүрүшкө мамлекеттик сектордо, коммуналдык чарбаларда, мунай иштетүүчү заводдордо жана АЗСте иштегендер, айдоочулар, учкучтар, машинисттер катышкан жок. Ал эми темир жол тармагы үзгүлтүк менен иштөөдө. Париждин метролорунда поезддер сейрек жүрүп калды.
“Биз каршы акцияларды марттын аягына чейин өткөрө беребиз. – дейт Франциянын проф-союздар уюмунун жетекчиси Наташа Помме. – Бийлик пенсия реформасынан биротоло баш тарт-майынча эл жүрүштү улантат. Дүйнөнү кымбатчылык каптап жатканда пенсия жашын жогорулатуу акылга сыйбаган жорук. Азыркы күндө канализацияларды оңдогон, таштанды ташыган жумушчулар пенсияга 57 жаштан баштап чыгуусу керек. Бирок, эч ким минтип эрте чыга албайт. Анткени, пенсиянын көлөмү жашоо минимумуна жетпейт. Жумуш оор болгондуктан бул кесиптегилер пенсияга чыккандан кийин аз эле жашап мерт кетип жатышат. Көбү оорукчан болуп дарыга акча издешет. Булардын арасында рак болуп каза тапкандар арбын”.
Каршылык акцияга катышкандар мамлекет пенсия жашын эмес, айлык акыларды, пенсиянын көлөмүн көтөрүү керек дешет. Өлкө бийлиги, тескерисинче, аларды уккусу жок. Э.Макрон пенсия реформасын жүргүзүү зарылдыгын 2017-жылы эле билдирген. Бирок, анда да элдин каршылыгынан Макрондун идеясы колдоого алынган эмес. Андан кийинки жылдары пандемия тоскоол болуп, бул иш улам кийинки мөөнөткө жылып келген. Франциянын премьер-министри Элизабет Борн мындай дейт: “Реформанын башкы максаты – пенсия системасын максималдуу каржылоо. Ар бир тыйын, ар бир төлөм башка жакка кетпейт, калкка пенсия төлөө системасына жумшалат. Калкты жумуш менен толук камсыздоого аракеттенебиз. Пенсия реформасы 2030-жылга карата иштегендер менен пенсия алгандарды тең салмактоого өбөлгө түзүшү мүмкүн”.
Франциянын сенаты 12-март күнү пенсия реформасы тууралуу мыйзам долбоорун карап, кабыл алды. Сенаттын төрагасы Жерар Лашенин билдиргенине караганда, сенаторлор күнү-түнү тынбай 100 саат иштешти. Жалпысынан 8900 өзгөртүү киргизилген. Добуш берүү жүрүп жаткан учурда да митингдер токтогон жок. Өлкөнүн профсоюздар кошуну президент Э.Макрондун Елисей сарайында тезинен кабыл алууну суранышты. Бирок, нааразылык акциясына чыккандар президенттин администрациясынан жооп алыша элек.