Шашылыш билдирүү: Аба ырайы кескин өзгөрөт

2017-жылдын 23-сентябрында күндүз жана 24-сентябрында узакка созулган кургак жана жылуу аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык 24-сентябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 16…21°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 4…9°, күндүз 10…15° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

25-26-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде айрым жерлеринде -1…-3° үшүк, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…-5° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып, жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.