Азия оюндары 2017: Кыргызстандын байге куржунунда 30 медаль бар

Тилек Куралов казак күрөшү боюнча 90 кг жогору салмак категориясында ат салышып, алгач Индия жана Монголиялык спортчуларды жеңип, финалда казак спортчусунан утулуп, күмүш медаль тагынды. Ушул эле спорттун түрү боюнча Мирлан Эралиев 70 кг чейинки салмак категориясында мелдешке чыгып, коло медалга татыган.

Иран күрөшү боюнча кармашта Айдарбек Айтиев коло медаль багындырды.

Ат оюндары боюнча беттеште Камиль Сабитов Ahal Teke Cup тартиби боюнча колого ээ болуп, КРдин эсебинде жалпысынан 30 медаль болду.

 

Ошентип учурда кыргыз спортчуларынын байге куржунунда 2 алтын, 10 күмүш жана 18 коло медаль бар.