Душанбеде топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү
Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 10-мартынан 16-мартына чейин Душанбе шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.
Кийинки жолугушуу Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлөт.