Жаачы, Асел САДЫРОВА:  «Жаа атуу – жашоомдун жаңы барагын ачып берди»

Расмий эмес маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 20га жакын кыз-келиндер жаа атууга кызыгышат экен. Ал эми алардын ичинен жаа атып, кароо-сынактарга катышканы 10дой. Мына ошол ондуктун сап башында турган – Асел Садырова аз убакыттын ичинде алдыңкы орундарды багындырып, өзүнүн мыктылыгын далилдегенге жетишкен.

– Асел эже, спорттун бул түрү менен машыгып жүргөнүңүзгө канча убакыт болду?

– Жалпы жонунан 2 жылдай болуп калды.

– Жаңы эле келип кошулган турбайсызбы. Бирок, сиздин жеңиштериңиз тууралуу угуп, бери жагы 5-6 жыл машыгып жүргөн спортчуну элестеткем.

– Ооба. Аз эле болду. Ошондой болсо дагы, жааны таамай, түз жана тез атканды өздөштүрүп алдым. Кудай буюрса, ушуну менен чектелбейм. Алдыда – көп максаттарым бар.

– Кандай максаттарыңыз бар?

– 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жаа атуу боюнча биринчиликти алуу – менин биринчи көздөгөнүм. Бирок, бул жолу 1-орунду алуу абдан кыйын болот. Катышуучулар да көп болорун сезип турам. Себеби, канчалаган мамлекет бул оюн тууралуу жана байгелер боюнча маалымат алып, абдан кызыгып калышты. Ошондой эле, машыгып башташты. Мен дагы атаандаштардан артта калгым жок.

– Өткөн жылкы көчмөндөр оюндарында 3-орунду алган экенсиз?

– Биринчи орунду Татарстан, экинчини Словакия алды. Үчүнчү орунду мен утуп алдым. Бул жеңиш мага өзгөчө стимул берип койду. Кызыгуум күчөдү. Машыгууга убакыт бөлө баштадым. Ага чейин таймашка катышып, жеңиштин даамын тата элек болчумун.

– Жакында Ульяновскиге барып келгениңизди уктум?

– Ульяновск шаарында 11- 16 август күндөрү улуттук оюндар боюнча фестивалы болуп өттү. Ал жактан куру кол кайткан жокмун. Тез атуу, таамай атуу жана команда менен атуу деген 3 номинация боюнча биринчи орунду алып, 3 медаль жеңип келдим. Биздин желек көтөрүлүп, кыргыздын гимни ырдалганда, болуп көрбөгөндөй толкундандым. Ал сезимди азыр сөз менен да жеткире албай турам.

– Жеңишиңиз кут болсун, ушул күнгө чейин акчалай алган сыйлыктарыңыздын эң жогоркусу кайсы болду?

– Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 3-орунду алганымүчүн 50 миң сом менен сыйлангам. Ал эми акыркы жеңиштерим тууралуу айтсам, Сокулук районунда Курман айтка карата улуттук оюндар уюштурулду. Ошондо кыздардын жана эркектердин арасынан 40 метр аралыкка жаа атуу боюнча 1-орунду жеңип, мага 100 миң сомдун сертификатын тапшырышты. Ошондой эле, муздаткыч беришти.

– Жаа атканды кимден үйрөндүңүз?

– Мен спортто Кубан, Кылыч, Нурбек деген агайларымдын жардамы, мээнети менен ийгиликтерди багындырып келатам. Учурдан пайдаланып аларга ырахматымды айтып кетпесем болбос.

– А кесибиңиз боюнча кимсиз?

– Мугалиммин. 23 жылдан бери балдарга сүрөттөн сабак берем. Жылдын мыкты мугалими сынагына катышып, 3-дара жадагы дипломго жана бир нече ардак грамоталарга ээ болгом. Өз кесибим менен да сыймыктанам.

– Үй-бүлөңүз жөнүндө айтсаңыз?

– Эки кызым бар. Улуусу – Мээрим, иштейт. Кичүүсү Сезим – быйыл студент болду. Кыздарым – менин бактым. Ошолор үчүн жашагым келет. Ал эми бир туугандарым жөнүндө айтсам, 7 бир тууганбыз. Бардыгы жогорку билимдүү. Айылда Садыров Сүйүнаалынын балдары, кыздары деп сыймыктангандар жок эмес. Атам ыраматылык абдан жакшы киши болгон. Биздин билим алышыбызга аябай маани берчү. Ал эми апам – Ферсат мен үчүн ыйык, бийик, табылгыс асыл жан. Көрсө баланын жакшылыгына да, жамандыгына да бир гана эне түтөт турбайбы.

Кыйын учурда мени бир гана энекем эркелетти, бооруна кысып, башыман сылады. Жыгылган жерден тургузуп, күч-кубатын берди. Албетте, бир туугандарым да сыртын салган жок. Кудайга шүгүр, азыр кыйын кезеңден өттүм, чыйралдым… Жаа атуу – менин жашоомдун жаңы барагын ачты. Жеңишке жетсем да апам биринчи кубанат. Өзүм да ичимен, энекеме сүйүнүч тартуулап жатканыма кудуңдап калам. Андыктан, алдыда багындырчу бийиктиктерди, ийгиликтерди, сыйлыктарды апама арнамакчымын!

One thought on “Жаачы, Асел САДЫРОВА:  «Жаа атуу – жашоомдун жаңы барагын ачып берди»

Комментарии закрыты.