Кутман САДЫБАКАСОВ: “Эл булбулунун ырларын жаңы форматта ырдап чыгам”
Акыркы эки-үч жылда жаш төкмө акын, аткаруучу, манасчы Кутман САДЫБАКАСОВ өзүнүн салмактуу айтыштары, мукам добушу, аткаруучулук таланты менен эл сүймөнчүлүгүнө айланды. Март айынын башында ал өзүнүн “Кутман кеч” жеке концертин элге тартуулап, жалпы кыргыз угарман, көрөрмандарынын арзуусуна татыды. Концертти белгилүү обончу, композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Түгөлбай Казаковдун алып барышы да бул талантты улуу муун өкүлдөрү баалай турганын тастыктап турат.
– Кутман мырза, кичи мекениңиз Нарын районунун Оттук айылы экенин билебиз. Айылыңыз, балалык кезиңиздеги жүрөккө бекем орногон учурлардан айтып берсеңиз?
– Айылда, жайлоодо, таза дүйнөдө эчкиге жетпей ыйлап, эч кимге көрүнбөй ырдап чоңойдум. Ошол мезгилди эңсеп жазган “Наристеге айлангым келет менин” деген ыр жаздым эле. Бул сурооңузга ошол ыр жооп болсун.
Көңүл үчүн, жакшы сөз күтүнбөгөн,
Көп ойлонбой, кыялы бүчүрлөгөн.
Ымыркайга айлангым келет менин,
Ысык-суугун турмуштун түшүнбөгөн.
Үшкүрүнүп, кайгыга малынбаган,
Үмүттөрү күн санап тамырлаган.
Наристеге айлангым келет менин,
Напси салган тузакка чалынбаган.
Катыбасын көңүлдөр жара бойдон,
Кантип арылсак экен жаман ойдон.
Бал жегендей ууну да кабыл алган,
Бала бойдон калсак ээ, бала бойдон.
Турмуш туурап көп жанды майдалаган,
Тумчукту да тоолук эл тар калаадан.
Сүйүнтүп алешем жаш, келсе аттиң,
Сүт тартылган табактан май жалаган!
Айылым кымбат, ааламда бар экениң.
Чаң экениң сезбепмин шаң экенин.
Колум менен жем бергим келет азыр,
Койсоң баспай сабаган кара эшегим.
Ойлончу элем билекти түрүп алып,
Ошол сезим келбеси бүгүн анык.
Жорткон күнүм жоголгон койду таппай,
Жону жоору буурул ат минип алып.
Ырдап калсаң кайра үнүң жаңырган жар,
Ыйлап жетпей эчкиге, чаңырган жар.
Карекке жаш айланды, өткөндү эстеп,
Кантишти экен балалыгын сагынгандар.
– Атаңыз акын, обончу экенин укканбыз. Агаларыңыз Суран, Шатман Садыбакасовдор, өзүңүз да ырларды ийине жеткире аткарып жүрөсүз. Мындай таланттуу туугандардын үй-бүлөлүк майрамдары да өтө шаңдуу болсо керек?
– Биздин үй-бүлөгө Жараткан бир өмүрлүк ырыскыны, шыбаганы өнөрдөн айткан экен. Бир туугандар чогулуп, ата-энебиз менен бирге отуруп калсак жаак карышканча күлүп, баарлашып жатып таң атканын билбей калабыз.
– Жакында болуп өткөн “Кутман кеч” тушоо кесүү концертиңизде ыр, поэзия, айтыш аралашып, көрүүчүлөр көп кырлуу талантыңызга маашыр болушту. Бул концерттен кийин кандай ойлор жаралды?
– Башкаларга кандай экенин билбейм, бирок, бул тушоо кесүү концертимден соң моюнума дагы бир жоопкерчиликтүү милдет артылгандай болдум. Элдин менден үмүтү, күткөнү чоң экени кол чабуулардан, алкоолордон сезилип турду. Тушообуз кесилип, көрөрман, угармандардан ак бата алдым. Эми Кудай буюрса, бийик максаттар менен кара жанды карч уруп иштейбиз.
– Белгилүү актёр Азиз Мурадиллаев кайтыш болгондо жүрөктү жүз тилип өткөн “Даткасы кетти өнөрдүн” аттуу жоктоо ырын аткардыңыз. Жоктоонун тексти өзүңүздүкүбү, ал киши менен чыгармачылык, ага-инилик байланышыңыз кандай эле?
– Азиз байкенин атагы таш жарып, актёрлук чеберчилигинин алоосу жанып турганда мезгилсиз дүйнө салганы эл ичинде менин да жанымды кейитти. Агабыздын мыктылыгын, кашкөй талант экенин билбеген кыргыз жок болсо керек. Байыртан кыргыз учкан жанды узатуунун зыйнатын мыкты түшүнгөн эмеспи. Арадан кеткен асылдарды акындар кошуп, эмгегин айтып, даңкын даңаза кылып узатпай ким узатат эле? Ал инсан менен өтө жакын болбосом да, саламдашып, бир топ кеп-кеңешин тыңшап калган жайым бар. Азиз агага таптакыр жолукпаган күндө деле асылдыгын айтып узатуу милдетибиз болчу. Ошондуктан кайтыш болгон түнү текстин өзүм даярдап, эртеси анын кадырын айтып, коштошуу ырын айттым.
– Былтыр “Эркин Айтыш” чемпионатынын баш байгесин, “Билим айтышта” 1-орунду жеңип алдыңыз эле. Алдыда дагы кандай улуу максаттар бар?
– Кудайга шүгүр, 2022-жыл мен үчүн абдан жемиштүү, жеңиштүү жыл болду. Эми буюрса, Жараткан канча өмүр берсе ошончо убакыт элибиздин жарпын жазып, эртеңки муундун энчисине түзүк иштерди, түмөндөбөсө да түбү насилдүү чыгармаларды калтырсак деп ниет кылам. Оо дүйнөгө барганда да аталарыбыздын алдында кара бет болуп калбас үчүн жан үрөп аракет кылабыз. Улуу ойчулдар айтмакчы, жалган жайда орун толтуруп жүргөн гана адам эмес, кийин орду толгус адам болсок деп далалат жасайм.
– Жаш туруп угарманды терең ойго сала турган “Эгемен элге кайрылуу” термесин жараттыңыз. Эргүү келгенде ыр, кара сөз да жаза койсоңуз керек?
– Акындардын негизги милдеттеринин бири азыркы балынан баткагы көп доордо элди Манастын жолуна үндөө деп ойлойм. Ошондуктан эгемен элге ыр менен кайрылуу кылдым. Ага көп деле киши көңүл бурган жок. Антсе дагы айта берем. Дагы да далай омоктуу ойлорду айтканга тырышабыз. Кээде жорго сөз менен бир топ окуяны баяндап жазып жүрөм. Буюрса, бардыгын жыйнап жакшы чыгарма кылам деген кыял бар.
– “Кусалык”, “Сезим жанары”, “Гүл-дөр” өңдүү ырлардан сырткары репертуарыңызда дагы кандай ырлар бар жана жакын арада дагы кандай ырларыңызды элге тартуулайсыз?
– Өзүм лирикалуу чыгармаларга жакын адаммын. Негедир көңүлүм да ошол жакты көксөп турат. Колдон келишинче бирин-экин чыгармаларды аткарып жүрөм. Алдыда эл булбулу Элмирбек Иманалиев агабыздын чыгармаларын жаңы форматта аткарып көрсөм деген ниет бар.
– Биз билгенден сиз жаш кезиңизден тарта
«Манас» да айтып келе жатасыз. «Манас» айтып жатканда делөөрүп, транска кирип,
улуу дүйнөгө аралашып кеткен учурларыңыз болду
беле?
– Чынында мен “Манас” айтуу менен адамдарга аралашканды үйрөнүп, көкүрөгүмдөгү көрөңгөм ойгонгон. Андыктан азыр да Жараткандын кыргызга берген эбегейсиз кут, дөөлөтү – “Манастан” жан азык алам. Өзүм манасчымын деп айта албайм, болгону атабыздын касиетине ынанып, жолуна кайтууну эңсеген бир айтуучу болушум мүмкүн. Илгери “Манастын” ка-сиети даарып күнү-түнү күрпүлдөп, ансайын күчөп айткан асыл аталарыбыз өткөн экен. Азыр мен тургай манасчымын дегендердин көбүнүн, транска кирип, тыңшаган адамды тыбырчылатып жиберген айтуусу арбын деп айта албайм.
Мелис СОВЕТ уулу