Адабият

“Манас” мультфильми тартылды

Өлкөдө кыргыз элин бириктирген “Манас” баатыр тууралуу анимациялык мультсериал тартылды. Анын продюсерлери “Тентек” анимация студиясынын жаш жигиттери. “Тентек” студиясынын негиздөөчүсү 28 жаштагы Жалил Мукамбетовдун айтымында, “Манас” эпосун жаш көрүүчүлөр арасында популярдуу кылууну максат кылып, автордук эмгекти өз командасы менен иштеп чыгышкан жана анын алгачкы бөлүгүнө өз каражаттарын сарпташкан.

Биздин максатэлди бириктирүү

– Чогуу иштеген өнөк-төштөрүм менен 2016-жылдан бери анимация жана IT тармагында түрдүү долбоорлорду түзүп келебиз, – деди ал.   «Тентек» анимациялык студиясы үч жыл мурун түзүлгөн. Студиянын ачылышы биз жасаган эксперименттердин жана изденүүлөрдүн натыйжасы болсо керек. “Манас” эпосу жөнүндө мультсериал тартылганга чейин “Кыргызстандын тарыхы”, “Адам”, “Сайкал киберпанк”, “Балага үлгү бол” долбоорлорун иштеп чыкканбыз.

Биздин максат — элди  бириктирүү, маданиятыбызды кыргыз тилдүү эле эмес, орус тилдүү аудиторияга да жеткирүү. Идея болсо маданият аркылуу биригүү оңой.

Эл тарабынан жакшы кабыл алынды

– “Манас” тууралуу мультсериалыбыз 2019-жылы башталып, 2020-жылы биринчи бөлүгү ютуб каналга чыккан. Чыккан күндөп тартып эле эл тарабынан жакшы кабыл алынды. Биринчи он күн ичинде ютуб каналдан 100 миң көрүүчү топтой алды. Бул мультсериалыбыздын биринчи бөлүгүндө үч адам иштеген. Экөө сценарий жазышса, бирөө сүрөтүн тартып, анимациясын жасаган. 30 мүнөттүк мульт-фильмдин эпизодун тартууга бир жылдай убакыт кетти. Сценарийди жазууга бир ай, монтаждоого эки ай кетсе, анимациясын жасоого тогуз ай убакыт талап кылынды.

Манасчылар да кеп-кеңештерин берип турушту

– Биринчи сезонду жаратып жатып Мар Байжиев менен жолукканбыз. Ал кээ бир учурларды жактырып, анын китеби боюнча анимациянын жарымын жасашты. Экинчи сезон толугу менен Сагымбай Орозбаковдун вариантынан. Мында биз анимациялык стилдин татаалыраагын тандадык. Экинчи сезондо балдар бири-бири менен алмашып жатып, отузга жакын адам эмгектеништи.

Манасчылар менен да тыгыз иштешебиз. Мультсериалыбыздын экинчи бөлүгүндө айрым манасчылар келип, кеп-кеңештерин, сунуштарын айтып турушту. Андан сырткары,  Манас театры менен да кызматташып жатабыз. Алар дагы бүгүнкү күндө  бизге жардамдарын берип келишет. Ошондой эле өзүбүз да Манас тууралуу тарыхый китептерди окуп, ар тараптан изилденебиз.

Сындар дагы болду

– Социалдык тармактардан  “Манас” эпосу жөнүндө  көргөн көрүүчүлөр да каармандарга карата өз ой-пикирлерин жазып турушту. Кээ бирөөлөр тарабынан “Манас” эпосу мультфильм болуп тартылбай, жалаң гана оозеки түрдө айтылыш керек. Силер өмүрүңөрдө мультфильм тарта албайсыңар” деген сын да болгон. Андан сырткары, сериалда Манастын ролун аткарган адамдын сары баш кийими бар болчу. Ошону көпчүлүк сары чач деп ойлошту. Эмнеге Манас сары чач менен болуп калган?” – деп айтышты. Анан Манаска кара баш кийим кийгизип, кайрадан оңдоп чыктык.

Кыргызстанда анимациянын деңгээли кандай?

– Учурда бул тармак өнүгүп жатат. 2015-жылдан бери интернет ылдам болуп, үйрөнүү оңой болуп, кээ бир жабдуулар арзандады. Азыр өнүккөн деп айтуу кыйын. Бүгүнкү күндө бизде көптөгөн студиялар иштеп жатышат, демек, келечеги чоң.  Кимдир-бирөө YouTube сайтында иштеп, чет элдик көрүүчүлөр үчүн балдарга арналган контент жаратса, башкалары Кыргызстан үчүн контент жасаганга аракет кылып жатышат. 

Бул кандайдыр бир пайда алып келет. Дүйнөдө анимация, оюндар, мета ааламдар тармагына инвестиция жыл сайын өсүүдө. Бирок, биздин базар кичинекей. Ошондуктан кыйын. Сиз долбоор сунуштайсыз, а бизнес мүмкүнчүлүктөр чектелүү.

Асел МУСА кызы

0 Поделились