Чыңгыз хандын арманы

Бакай Апасов бош убактысында күндөлүк толтурганды көнүмүшкө айландырып алган. Эчен жылдан бери күндөлүккө гана ичиндеги ымандай сырын,  жүрөгүн эзген бугун, тирүү жанга айткыс арманын жашырбай жазып келет. Ал анын жападан жалгыз муңдашы болуп калган. Мына ошол күндөлүк үй-бүлөлүк чоң чырга май тамызып, өзү менен түбөлүк дүйнөгө алып кетүүчү сырдын бетин ачып  отурат.

Угэдей, эми акыркы керээзимди айтайын. Силер таңгут хандыгын талкалап, Кытайды толук ээлегенде менин жаным көктө болот. Ошондо, уулум, жакшылап кулак сал, түн ката менин денемди өзүң гана жакшылап жууйсуң. Алгач чөнтөгүмдөгү тоголок буюмду өзүнчө бөлүп ал. Кайра ушу азыр турган кийимимди түгөл кийгизесиң да эл көрбөгөн жерге жүктөп бар. Жерди таза шыпырып, жалаң куураган арчаларды чогултуп, ортосуна жасатымды жайгаштыр. Анан өрт кой. Сөөгүм толук өрттөнсүн, денемдин күлү гана калсын.

– Ата!
– Күлүмдү, анан жанагы айткан буюмду чогуу бир идишке сал. Биздин кичи мекенибизге кайтып барганда Бурхан-Халдун тоосун этектеп дарыя агат эмеспи. Анын нугун ээрчип эки күн тынбай бастырсаң үч дарыянын кошулган жерине туш болосуң. Идиштеги күлдү сууга акырын төгүп, береги катуу затты көзүңдү жумуп туруп ыргыт. Кайсы жерге түшкөнүн көрбөгүн.

– Кантип андайга дитим барат, ата?! – Угэдей жалооруй тиктеди.
– Бул менин акыркы керээзим. Сага бекем ишенгенимден табыштадым. Тур, жөнө! Жолуң ачылсын.
– Сиздин сөөгүңүздү элибиз сурабай койбойт да. Каада-салт менен жерге жашырууну талап кылышат. Анда кандай арга табам?
– “Менин жүзүмдү эч ким көрбөсүн” деп атам керээз калтырган дейсиң. Ордума мага дене түзүлүшү окшош жоокерлердин биринин жасатын пайдалан. Анын сөөгүн  Бурхан-Халдундун этегиндеги жайык жерге көмөсүң. Мүрзө билинбей калышы үчүн үстүнөн миң атчанды бастыр. Эл ишенгидей болсун.
– Айтканыңыз аткарылат. Дагы бир соболум бар…
– Сура!
– Эмнеге денеңизди өрттөөнү буйрудуңуз?
– Ушуну сураарыңды сезгем. Ондогон кылым суулар тынбай агат. Суу бар жерде өмүр токтобойт, Жер эне жашоосун улантат. Суу жамгырдын тамчысы болуп жерге түшөт. Булак болуп жердин түбүнөн сызылып чыгат. Булак дарыяга, дарыя көлгө, деңизге, океанга куюлуп түшөт. Жердеги суу бууланып, көк асманга көтөрүлөт. Ал кайра жамгыр болуп жерге төгүлөт. Ал эми менин күлүм ошол суу менен кылымдан кылымга токтобой аксын.    

Мен өлгөндө душмандарым көрүмдү издейт. Таап алышса сөөгүмдү тытып жегенден кайра тартышпайт. Эчендеген кылымдар өткөндөн кийин илимпоздор мүрзөмдү изилдешет. Эгер керээзимди кынтыксыз аткарсаң, менин жайым түбөлүккө ачылбаган сыр бойдон сакталат.

– Түшүндүм, ата…
– Калдайган империянын мындан аркы тагдыры өзүңдүн колуңда! Экөөбүз коштошпойбуз, мезгили келгенде көктөн кезигебиз…

Уулуна акыркы керээзин айтканына көңүлү тынчыган Чыңгызхан оң жамбашынан кайра сол жамбашына оодарылды. Чөнтөгүндөгү томпойгон нерсе сөөгүнө катуу тийди.

– Какый и-ий! – деп онтоп жиберди.
– Жоодон далай жаракат алганда жаным оорубаган көргүлүктү ушу сакадай таштан көрмөк болдум. 

Жанараакта уулуна ачык айтпай, катуу зат дегени ушул кичинекей таш эле. Ал атасынан калган таберик. Бортэге сырга салганы баратканда жолдон атасы негедир өлөөрүн туйгандай Темучин менен чоң кишидей масилеттешкен. Күн жаңыдан уясына батып бараткан болчу. Атасы ачыла сүйлөп, көп нерседен кеп салган. Бала экен, атасынын сөзүнө анчейин көңүл бурбаптыр. Ташка байланышкан аманатына маани бергендиктен, аны өмүр бою бекем сактады.

– Балам, – деген атасы, – турмушта ар кыл күтүлбөстүктөргө кезигесиң. Эч кимге толук ишеним артпа. Сырыңды, өксүгүңдү, арманыңды адамдарга айта бербе. Адамдан өткөн мээримдүү, адамдан өткөн мыкаачы, адамдан өткөн чыккынчы, саткын болбойт. Киши баласында тил бар, бирде болбосо бирде тили кычышып, сайрап жибериши ыктымал. Адам болгондон кийин ичиңдеги бугунду бирөө менен бөлүшүп, чыгарып алгың келет. Ошондой учурда мына бу таш менен сүйлөшүп жүр. Таш сөзүңдү угат, тилин тапсаң, сени менен сырдашат. Бир артыкчылыгы – сенин кебиңди эч кимге ташып барбайт. Ошол үчүн, таш аталат.

Атасынан калган ташты кайсы жерде жүрбөсүн жанынан чыгарбайт. Чыңгызхан деле пенде го, ичи бук болгондо таш менен сүйлөшүп, жеңилдеп алат. Азыр дагы ташты аяр сыйпалап, сөз баштады.

– Баарын уктуңбу? – деди ташка кайрылып.
– Көптөн бери сүйлөшкөнгө чолообуз тийбеди.
– Мен го укканын уктум. Ал эми уулуң “тангуттардын таш талканын чыгарганга чейин менин өлгөнүмдү тирүү жан билбесиң” дегениңден кийинкилерин түшүнбөй калбадыбы.
– Эмне үчүн?! – Чыңгызхан чоочуп кетти.
– Ошол сөздү айтып баратып булдуруктап, тилден калдың…
–  Кандайча? Угэдей баарын уккандыктан суроо узатып жатты го.
– Тилден калганыңды жада калса өзүң байкабадың. Балаң менен оюңда сүйлөшүп аттың…
– А сени мененчи?
– Сен экөөбүз бала кезиңден бери үн-сөзсүз баарлашып келатабыз. Сени мендей түшүнгөн бул жарыкчылыкта зат башка жок. Жада калса Бортэ дагы менчелик сени билбейт чыгар.
–  Аның туура,
– Чыңгызхан чатырдын ичин сыдыра карады. Эми накта жалгыз калганын, эшик сакчысын аалам жаңыртып кыйкырса да чакыра албасын, Угэдейи менен кайрадан сүйлөшө албасына көзү жетти. Акыркы керээзин баласына толук жеткире албай, тили байланып калганына ичи өрт каптагандай жалындап чыкты. Өлүм төшөгү аны биротоло кучагына кысып баратты.

– Унчукпай калдың да, – деди таш Чыңгызхандын оюн бөлүп.
– Керээзим канчалык аткарылат деп бушайманмын…
– Камтама болбо, алдыңкы миң жылдыкта сенин жайыңды эч ким таппайт…
– Кантип?! Аны сен кайдан билесиң? – Чыңгызхан таңгала сурады.
– Билем, билгеним үчүн ташмын, – деди ал. – Сенин эмнеликтен сөөгүңдүн өрттөлүшүн каалаганыңдын чыныгы себеби мага белгилүү. Аны Угэдейге эмнеге айтпаганың дагы маалым.
– Сен менин оюмду окуйт эмессиңби…
– Чыңгызхан макул болгонсуду.
– Оюңду окуйм, табиятың алаканга салгандай көрүнүп турат. Сен мындан аркы тарыхта түйүнү чечилгис сыр бойдон калууну көздөгөндөн сырткары өзүңдү өзүң жазалайын дедиң.
– Ырас, өзүмдү тирүүмдө жазалашым зарыл. Бираздан кийин Көкө Теңирдин астына тизелеп барам. Капилеттен аттан кулап, өлүм алдында жатканга чейин Жоочуну жашыруун буйрук берип, ууландырып өлтүрттүм. Эмнеге мындай кадамга барганымды чечмелегендирсиң?
– Жоочу сенин өмүрүңдөгү шек санооң, эң чоң арманыңа айланды, – деди таш күңгүрөнүп.
– Жоочу кан-жаныңан жаралган уулуң же уулуң эмес экенин анык билбей, арманда кетип баратасың. Анын айынан бийлигиңди ага ыраа көрбөй, Угэдейди мураскерликке тандадың. Ага да ыраазы болбой, кийин бийликти талашпасын деп уу берип өлтүрттүң!
– Мунуңа да кошулам. Андай кадамга барганга аргасыз болчумун. Жоочу акыркы мезгилде буйругумду аткарбай, моюн толгой баштады. Өзүнөн кетти, жаштык кылды. Баарына өзү күнөөлүү.
– Анда кайгырышыңа эмне себеп?
– Жоочуну ууландыртып, жанын алганга өкүнбөйм. Бул менин империянын келечегине көргөн камым.
– Өлүп баратып да бийлигимди эч ким менен бөлүшкүм келбеди дебейсиңби жашырбай?
– Ооба, болгондо дагы өз уулум экендиги бүдөмүк Жоочу менен бийлигимди, ааламдагы кожоюндугумду бөлүшө албайт элем. Андан дагы, мен түптөгөн империяны денесинде менин каным жүгүргөн урпактарым улашы керек.
– Сен атаңдын азабын тартканыңды билесиңби?
– Кантип?
– Убагында атаң Есугей апаңды  никелешкен күйөөсүнөн тартып алган.  Үстүндөгү кийиминен бөлөк нерсеси жок Чиледи Оолунуң кайтара албаганына өкүттө калганынын кесепетинен өмүр бою үйлөнбөй, жарыкчылыктан ак өткөн. Жараткан өзү калыс зат, атаңдын бир кездеги кылыгына Жоочу аркылуу сен  жообун алдың.
– Урпактарым кийин менин азабымды тартабы?
– Эч бир нерсе жазасыз калбайт…
– Оо, Көкө Теңир, зордун арты – кор тура. Бийлигиңе жараша азапты кошо берген экенсиң. Бийликтин арты – кейиш болоорун билгенде өмүр кербенинде жөнөкөй жолду тандамакмын. Аттиң, бок дүйнө. Аттиң, жок дүйнө…

Чыңгызхан онтоп жиберди. Дүйнөнү багындырам деп жүрүп, байкабастан урпактарына кылымдарга өчпөс балээни башына үйүп салыптыр. Оңдогонго болбойт эми, кечикти. Кеч кирди акыл.

Ортодо саамга тымтырстык орноду. Бир убакта таш суроосун кайрадан кайталады:
–  Анда эмнеге кайгырып жатасың?

Чыңгызхан оор улутунуп алды. Акыркы деми калганын, жаны алкымына жетип, мына-мына чыкканы калганын туйду. Муун-жүнү бошоп, көзүнө ысык жаш тегеренип, анысын аарчыганга дарманы жетпей, ташка акыркы сөздөрүн шашыла айтып жатты:

– Мына, көк асманга учуп баратам… Көкө Теңирге баратам… Жоочунун карааны чалдыккансыйт… Таш… Таш… А эгер Жоочу өзүмдүн канымдан жаралган уулум болсочу… Мен өмүр бою жаңылып жүргөн болсомчу… Өзүмдүн уулумду өзүм өмүр бою кыйнап, өмүр бою азап чектирген болсомчу… Менин арманым, арманым…

– Бар күчүңдү жый. Эсиңе кел, Чың-гызхан! Сөзүңдүн акырына чык!
– Алым куруп баратат, – Чыңгызхандын тили күрмөөгө араң жарады. – Өлүм ак экен, ажал менден күчтүү экен. Жанаракта менин жайымдын сыры алдыңкы миң жылдыкта ачылбайт дедиң. Эгер билсең жашырбачы, Жоочу менин уулумбу же уулум эмеспи?
– Кызык эле адамсың. Жоочунун табигый атасы Жаратканга гана маалым. Тагдырдын жандырмагын аркы дүйнөгө барганда да чече албассың. Арманың бу турмушуңда гана эмес,  тиги жашооңдо да коштоп жүрөт. Бул сенин жууса өчкүс, кууса кеткис түбөлүктүү арманың. 

Таштын сөздөрү бирде кулагына илинсе, бирде илинбей, Чыңгызхандын көзү сүзүлүп баратты. Эки адам эки жагынан коштоп бараткандай, түнөргөн асманды көздөй алып учуп барат. Жандын чыгышы оңой бекен, колундагы ташты мыжыга кармап, соңку ирет катуу кыйкырды.

– Жоочу-у-у! Жоочу-у-у! Жоочу-у-у!..

Башкы сакчы коюу түндү жаңырта чыккан үндөн селт этип, хан чатырга чуркап кирди. Чыңгызхандын көзү коюлангандан коюуланып, сакчыга бир нерсени айткысы келгендей оозун кыбыратканы менен, анысынан майнап чыкпай, көзү көктү тиктеп, жанатан бери чыга албай жаткан ысык тамчы жаак ылдый сыйгаланып, жаагы бир жагына кыйшайып, бир убакта сол колу шалак этип, тоголок бир нерсе жерге топ эте кулап, босогону карай томолонуп кетти.

Карбаластаган сакчы караңгыда аны элес албады. Чуркап кирип эле Чыңгызхандын билегин кармады. Тамыры “бүлк, бүлк” деп жай согуп, акырындап кагышы токтоду. Чыңгызхандын оң көзү жумулуп, сол көзү ачылып, ысык жаштын шорунун изи калган бойдон жаны чыкты.

Мынчалык кооз дүйнө! Мынчалык керемет аалам! Муну билгенде Жерде атамдын кунун кууп, өчүн алам дебей, ааламдын кожоюну болом дебей, ушул ажайып дүйнөгө даярдык көрмөкмүн”. Чыңгызхан көккө учуп баратып алдынан чыккан керемет сулуулукка кареги тойбой, ушинетип сүйлөнүп жатты.

Өзү сымал жайнаган кишилер асманда учуп жүрүптүр. Алардын арасынан аргымагын алкынта чаап бараткан Жоочуну көрдү. Сүйүнгөнүнөн кыйкырып, муун-жүнү бошоп, буркурап ыйлап жиберди.

– Уулум! – деди Чыңгызхан.
– Ата! – деди Жоочу.
– Кечир мени,– деди Чыңгызхан.
– Мени кечириңиз, – деди Жоочу. –
Боор бербей, бойго жеткени сизге каршы чыкканыма өкүнүп турам, ата. Көрсө, анын баары жөн гана убаракерчилик экен. Түккө арзыбаган нерсе экен анын баары.
– Жоочу, – деди Чыңгызхан, – ти-рүүлүктө сени боорума кыса албадым. Сага мээримимди төгө албадым. Мына, сенин алдыңдамын. Кандай жазалайм десең эрк өзүңдө! Кечирсең гана болду!
– Түбөлүктүү дүйнөнүн мынчалык ажайып экенин билгенде, тескерисинче, сизден өзүм уу берип өлтүртүңүз деп суранат элем. Мен баарын кечирдим. Эч кимге кек сактабайм. Сизди кечирдим. Сиз да мени кечириңиз. Кечириңиз, ата!
– Сенин уулум экениңен шек санап, өмүр бою сени, апанды, баарыңарды азапка салдым. Арманымды бөктөрүнүп келатам. Мен сенин атаң бекенминби? Көкө Теңирден сурадыңбы?
– Көкө Теңир мындай нерсе айтылбайт деди. Аны түбөлүктүү сыр деди. Сурасаңыз, сизге жандырмагын чечет чыгар?
– Эми анын мааниси жок… Уулум… Сурабайм… Сурабайм… Сурабайм… Андан көрө келчи жаныма. Кучактайынчы, боорума кысып кучактайынчы. Бала кездегидей аруу жытындан жыттайынчы. Эркелетейинчи. Сен да мага “атакелеп”, кумарымды кандырчы. Сагындым, уулум, сагындым.

Кыйналдым, балам, сени дагы кыйнадым. Кыйнадың, балам, кыйнадың.

Жоочу атасына боюн таштады. Чыңгызхан уулун кучактаганы алдыга жүткүндү. Баласы колуна илинбеди, кучагына толбоду. Колго илингис элес экен. Абада калкып жүргөн элес турду алдында. Сөлөкөт экен ал, болгону бир сөлөкөт экен.

Жалган дүйнөдө эстеген сайын көңүлүн ооруткан  арманы көк асманда дагы Чыңгызхандын алдынан чыкты…

(Уландысы бар)
Нурканбек КЕРИМБАЕВ

0 Поделились

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *