Эки айдоочу жол талашып, ок чыгаруу болду

Бишкекте эки айдоочу жол талашып, ортодо чыр чыгып, бири экинчисине ок аткан. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Ахунбаев менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде 21-сентябрда болжол менен саат 21:00 чамасында  катталган. Эки жеңил машиненин айдоочулары жол талаштан улам айтышып, алардын бири экинчисин пневматика тапанчасы менен атып жибергени белгилүү болгон. Ок жабырлануучунун ийнине тийип, жеңил жаракат алган.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келишип, эки айдоочуну тең кармап кетишкен.