Кыргызстандык ырчы кыз эл аралык сынакта биринчи орунду алды

8 жаштагы кыргызстандык ырчы кыз Астанада болгон эл аралык сынакта биринчи орунду багындырды. Бул тууралуу «Кыргызстан — Астана» бирикмесинин төрагасы Шавкат Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, сөз болуп жаткан сынак «Ачык Казахстан» деп аталат. Кыргызстандын атынан бул сынакка  Томирис Алымсеитова катышып, биринчи орунду алган.

Маалыматка ылайык, аталган сынакка  кыргызстандан «Жаш Канат» бий тобу катышып, хореография номинациясы боюнча биринчи орунду алышкан.