Бүгүн Бишкетин айрым бөлүктөрүндө жарык өчөт

Бүгүн Бишкектин айрым бөлүктөрүндө жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ачык акционердик коомунун маалымат кызматы маалымдады.

Маалыматка  ылайык, 25-сентябрда борбор калаанын Шабдан баатыр, Тоголок Молдо, Саадаев, Орозбеков көчөлөрү менен Красный строитель жаңы конушунун Сары-Челек, Чоң-Курган, Нурек, Дубосековский, Набережный, Зеравшан, Ак-Сай, Барнаул, Беш-Күнгөй көчөлөрүндө жана Орто-Сай айылынын Иманалиев көчөсүндө 09.00дөн 17.00гө чейин электр энергиясы жок болот.

Андан сырткары, оңдоо иштерине байланыштуу Чүй, Садырбаев, Северный көчөлөрү менен Ынтымак, Арча-Бешик, Ак-Өргө жаңы конуштарынын айрым жерлеринде 09.00дөн 18.00гө чейин жарык берүү үзгүлтүккө учурайт.