Масуд Барзани күрт референдуму токтотулбай турганын айтты

Ирактын Жогорку Соту да референдумдун мыйзамдуулугу боюнча маселе чечилмейинче добуш берүүнү токтото туруу керек деген чечими жана Түркия менен Ирандын кескин каршылыгына карабастан 25-сентябрга белгиленген көз карандысыздык боюнча референдум токтотулбай турганын билдирди. Бул тууралуу Ирактын түндүгүндөгү Күрт автоном аймагынын лидери Масуд Барзани Эрбил шаарындагы маалымат жыйынында билдирди.

— Референдум чек араны аныктоону максат кылбайт. Биз Багдад менен терең диалогду баштоого даярбыз,-деди Барзани.

Ирактын өкмөтү аталган референдумду мыйзамсыз жана тынчтык аракеттерине каршы келет деп белгиледи.