ӨКМ: Токмоктогу медреседен өрт чыкты

Токмок шаардык пансион кайрымдуулук мекемесиндеги медреседен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык,  Өрт өчүрүү кызматына 23-сентябрда таңкы саат 6.17де билдирүү түшкөн. Тилсиз жоонун кесепетинен 80 бала эвакуацияланган. Медресенин беш терезеси, ичиндеги төрт диван күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.