Легендарлуу парламенттин депутаты Абдыкадыр КЕНЕСАРИЕВ: “Айыл чарба тармагы оңолсо, Кыргызстан оңолот, элдин курсагы да ток болот”

“Айыл чарба тармагы оңолсо, Кыргызстан оңолот, элдин курсагы да ток болот”

Легендарлуу парламенттин депутаты Абдыкадыр Кенесариевди улуу муундагылар жакшы билишет. Өз мезгилинде партиялык-чарбалык иштерде иштеп, мыкты уюштуруучу жана чарбачыл жетекчи катары таанылган. Айрыкча, партиянын Ысык-Ата райкомун жетектеп турганда ишке болгон жаңычыл мамилелери менен республикалык жетекчилердин көзүнө көрүнгөн. Кийин Талас “Жергетал” асыл тукум мал чарба совхозун жетектеп, карызга баткан чарбаны карызынан арылтып, кирешелүү чарбага айланткан. Бүйрө жетекчи катары таанылып, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Талас обкомун кыска мөөнөткө жетектеп, өлкөбүз эгемендик алгандан кийин, Бакай-Ата районундагы “Өзгөрүш” колхозунда башкарма болуп иштеп турган жылдарда КРнын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер наамын алган. Азыркы күндө персоналдык пенсионер.

– Абдыкадыр аба, сиз Ысык-Ата райкомун жетектеп турган жылдарда чарба жүргүзүүнүн жаңыча ыкмаларын киргизген дешет. Бул кандай жаңычылдыктар эле?

– 40 жылдан ашуун айыл чарбасында иштедим. Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкермин. Азыр эстесем, үч жаңылык киргизген экем. 1980-жылы, Ысык-Атанын «Сынташ» совхозунда Бел-Саз деген жерде, рес-публикада биринчилерден болуп, бээлерди механикалаштырып сааганды баштагам. Бул бир. Экинчиси, малды бордоп семиртүү. Мен анда Ысык-Ата райкомунун 1-секретары элем. Султан Ибраимов айтканыңды жарым сөздөн түшүнгөн, маселени дароо чечкен, шартылдаган, мыкты жетекчи киши эле. Оболу, а киши менен акылдаштым. “Күздө жайлоодон мал семирип түшөт. Анан эле малды этке тапшыралы десек, эт комбинаттары ана-мына деп созуп отуруп, аңгыча кыш кирип, мал арыктап кетет. Анан тыртайган арык малды этке төгөбүз. Саны болгону менен салмагынан уттуруп жатабыз. Чарбалар аралык малды бордоп семирткен чарба болсо, райондун этке төгүлө турган малын эт комбинатка тапшыргыча, ошерде бордоп семиртсек, утушка ээ болор элек”, – десем, дароо колдоду. Райондо тоют кенен эле. Кочкорбаев совхозунда 15 миң малды бордоп семиртип, семиз малды өткөрдү элек, эт планы ашыгы менен аткарылып, мындан район чоң утушка ээ болду. Үчүнчү жаңылыгым, “Элди мал күткүлө, тоюттан жардам беребиз” деп үндөдүм. Эски кишилер билет, союз убагында, ар бир түтүнгө 1 уй, 6-7 кой кармаганга эле уруксат берилчү. Мен өзүм демилге көтөрүп, элди мал күткүлө деп жаткан соң, алды төрт-беш, арты эки уй кармай баштады. Майда жандыктардын санын 40-50гө жеткиришти. Ысык-Ата берекелүү жер. Биз тоютту кенен камдап, элге өз баасында сатып жаттык. Мурда колхоз-совхоздор элге кымбатка сатчу. Эл кадимкидей көтөрүлүп, турмуш-тирилиги оңолду. Бул бир жагы. 

Элде сүт көбөйгөн соң, биз элден сүт ала баштадык. Республикада биринчи болуп элден биз сүт чогултканбыз. Жубайым эки уй саап, сүт өткөрүп, элге үлгү болгон. Ошентип, район да бат эле көтөрүлүп кетти. Эки жолу республиканын Өтмө кызыл туусун алдык.

– Кайсы бир партиялык чогулушта Т.Усубалиев сизден “Абдыкадыр Кенесариевич, сизди үйүндө мал багат деп угам. Ушул чынбы?” деп сураган дешет го?

– Ооба, андай окуя болгон. Бул мындай. Ал убакта райкомдун биринчи секретарынын айлыгы 250 сом болчу. Эми элестете бер, бул акча өзүңө эптеп-септеп жетет. А райкомдун биринчисинин үйүнөн күн сайын киши үзүлбөйт. Келген кишини сары чай менен узата албайсың. Ушундан улам, өмүрлүк жубайым менен акылдашып, базардан кой алып, бордоп семиртип, анан аны базарга алпарып сатчубуз. Ортодо жакшы акча түшчү. Берекесин берип, үйгө келген элди сыйлаганга жарачубуз. Корообузда дайыма 70-80 кой байлануу турчу. Эки-үч уюбуз бар эле. Мунун баары менин жубайымдын кызылдай эмгеги. Болбосо, ал убакта райкомдун биринчи секретарлары кой багып, уй кармамак турсун, тоок багышчу эмес. Ошол Турдакун Усубалиевге жетип калган окшойт, “канча малың бар?” деп сураганынын жөнү ушул.

– Ысык-Атанын элин мал кармагыла деп үндөгөнүңүз ошондон тура?

– Ооба. Айыл чарбасы оңолсо, Кыргызстан оңолот, элдин турмушу да жакшырып, курсагы ток болот. Азык-түлүк коопсуздугу деп жатпайбызбы, эң биринчи ушул нерсени колго алыш керек. Азыркы учурда республикада жалпы абал жаман эмес. Бирок, айыл
чарба тармагы катуу аксап жатат. Айыл чарба министрлигине татыктуу, иштин көзүн билген кадр келбей жатат. Министрликте иштеген адамдардын саны көп, алган айлыктары да жогору, кылган иши жок. Кайтарым жок. Министрликти 70 пайызга кыскартып салса деле, иш жүрө берет.

– Айыл чарбасын кантип оңдосо болот деп ойлойсуз?

–  Министр “Асыл тукум уйду сатып алабыз” дейт. Бул идея жакшы. Кеп, ошол мал биздин шартка туура келеби, маселе ошондо.

Асыл тукум малды сатып алганча, өзүбүз аргындаштыруу жолу менен чыгарганыбыз оң. Жакшы кунажын, жакшы бука алып, малдын тукумун жакшыртса болот. Албетте, беш-он жыл кетер, бирок, өзүбүз аргындаштырган малга жетеби? Жетпейт. Малды оңой турган жол ошол. Эгер, эгемендиктин алгачкы жылдарынан ушул жолго түшсөк, эмгиче бүтүндөй Кыргызстанды асыл тукум мал менен камсыздап алмакпыз. Асыл тукум малдын өзүн сатып алсак, биринчиден, кымбат түшөт. Илгери, 10 млн. долларга австралиялык кочкорлорду сатып алганыбыз элдин эсинде чыгар. Ошондон Кыргызстанга пайда болдубу? Албетте, жок.

Экинчиден, биздин мал жаман эмес. Эгер, биз Батыш өлкөлөрүндөй малды үлпүлдөтүп баксак, ветеринардык кароодон өткөрүп турсак, алар деле ошончо сүт, эт берет. Бизде тоют маселеси кыйын. Союз убагында эле кыйын болчу. Азыр андан бетер. Биз иштеп жүргөндө чарбалардын баарында сенаж, силос болор эле. Азыр Чүй өрөөнүндө гана бир аз силос, сенаж бар. Маселен, Таласта жок. А сенаж, силос болбосо, жемдик буудай айдалбаса, жем болбосо, анан сатып алган асыл тукум уй эмне менен багылат. Алар эртең эле биздин уйлардан айырмасы калбай калат. Биздин жергиликтүү уйлар жайыт менен, буурчактын бакалы менен кыштан чыгып кетет. Асыл тукум уйлар сылап-сыйпап бакканга көнгөн. Аларга кышы-жайы тоют керек.

Айыл чарба министрлиги баш оорута турган нерселер көп. Жерди туура эмес өздөштүрүп жатабыз. Баягыдай пландаштыруу жок. Таласта буурчак басымдуу. Себеби, баасы кымбат. Эл ошону менен жан сактап жатат. Акча болсо, буу­дай, ун сатып алабыз деген ой менен, эгин айдалбай калды. Тоюту кенен болбогон соң, мал чарбасы унутта калды. Элибиз мал киндиктүү эл болгон. Кыргызстанда карапайым элдин турмушу айыл чарбасы, анын ичинде мал чарбасы менен оңолот, айыл чарбасы оңолбосо, республика оңолбойт. Мал чарбачылыгы демекчи, азыр баягыдай сүт-товар фермалары жок, сүт маселеси күн тартибинде турат. Чындыгында, союз убагында эле сүт жагынан чоң көрсөткүчтөрдү көрсөтө алган эмеспиз. Эми деле ошол. Бул чоң эмгекти талап кылат. Биринчиден, сүт өндүрүү кыйын. Экинчиден, аны 3-4 маал сааш керек. Буга чыдаган чыдайт, бир үй-бүлө жетише албайт. Саанчылыкка киши жалдаш керек. Жалдайын десең, киши табылбайт, сүт да арзан. Саанчынын айлыгын төлөп бере албай каласың. Жакшы айлык болбосо, ким эртең менен туруп келип, кечинде кеч кетмек эле. Эми сүт баасына келсек, Таласта сүттүн бир литр баасы – 20 сом. Чүйдө – 40 сом. Дүкөндө суунун бир литри 20-30 сом. Сүт үчүн 40-50 сом да арзыбаган баа. Себеби, сүт өндүргөнгө не деген эмгек, каражат кетет. Дээрлик биздеги сүт багытындагы уйлар өзүн актабайт десе болот. Фермер сүттүн баасын өзү билип көтөрө албайт. Себеби, сүт иштеткен заводдор кымбат сүттү албайт. Муну мамлекет да жөнгө сала албайт.

Уйдан сүт алыш үчүн тоют керек. Өткөндө бирөөлөр Таласта жүгөрү айдап, силос жасап, малга берсек, тоютка жакшы экен, берген сүтү көбөйдү деп жатат. Бул капкачан далилденген нерсе. Жаңы дөңгөлөк ойлоп табуунун кереги жок.

Малды азыр дары берип семиртип жатат дешет. Минтип мал семирткен туура эмес. Малды бордоп семиртүү үчүн тоют керек, болгондо да силос, сенаж болбосо, мал семирбейт, сүт бербейт, салмак кошпойт. Тайларды бордоп семиртип, аны этке төккөнгө неге болбосун? Японияда тайдын этин дары катары жешет экен.

Акыркы жылдарда гектарлап бак айдагандар көбөйдү. Албетте, бул жакшы. Бирок, бир “но” бар. Алар тамчылатып сугаруу иштерин, түшүмдү жыйноо иштерин, логистика куруп, сактоо иштерин колго албаса, эмгеги талаага кетет. Союз мезгилинде пландаштыруу бар эле. Мамлекет экономиканын кайсы тармагы болбосун, пландаштырып гана иш жасачу. Рынок экономикасында пландаштыруу андан бетер керек. 100 гектарлап бак тиккендер аны иштете алабы, сата алабы, маселе ошондо. Бир жылы Францияда алма терилбей калган. Былтыр Чүйдө малина тергенге киши чыкпай, малинасы барлар кыйналды деп жатат. Ошон үчүн, айыл чарбасында кандайдыр бир ишти илимий жактан тастыкталбаган, экономикалык жактан эсептелген иш кылбаса, эмгегиң талаага кетет.

Болотбек Таштаналиев

0 Поделились