Азия оюндары: Кыргызстан курамасынын куржунунда 48 медаль топтолду

Кыргызтандык Бекназар Раимкул уулу Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттардагы Азия оюндарында алтын медалды багындырды. Бекназар Кыргыз спортусу чечүүчү мелдеште Казакстандын балбаны Ассылбек Смаилов 13:6 эсебинде жеңип чыкты.

Бул алтын медаль Ашхабадда өтүп жаткан оюндардагы Кыргызстан курамасы үчүн жетинчи алтын болду. Мындан тышкары кыргыз спортчулары 15 күмүш жана 26 коло медалды багындырып, жалпы медалдардын саны 48ге жеткиришти. Натыйжада 9 күндүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курамасы 28 өлкөнүн арасынан медалдык эсепте 11-орунда келе жатат.