Баткен: коньяк менен жүзүм ширесин даярдоочу завод кайрадан иштей баштады

Жүзүм ширесин даярдап чыгаруучу завод кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу аталган ишкананын директору Ысак Касымов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Баткен районунун Чоң-Талаа айылында жайгашкан заводго жыл сайын жергиликтүү дыйкандар 500 тоннага чейин өздөрү өстүргөн жүзүмдү тапшырышат.

«Заводдогу техникалардын эскилиги жеткен. Ошондуктан жүзүм ширесинен вино жасап чыгарууга мүмкүнчүлүк жок. Мындан улам жылына 300 тоннадай жүзүм ширеси даярдалып, Бишкек шаарындагы вино жасоочу цехтерге жиберилет», — деди Касымов.

Аталган заводдо ширеден тышкары 150 тоннага чейин коньяк даярдалып, Казакстанга экспорттолот.

«Ишканадан бир жылда миң тоннадай шире алууга болот. Бирок сырьенун көлөмү жетишсиз. 1996-жылдары цехтин 70 гектар жүзүм талаасы үлүштөргө берилип кеткендиктен плантация кыйрап, дыйкандар иштебей калды. Ошондуктан союз убагындагыдай сырье чогулбай жатат», — деп билдирди ишкана жетекчиси Касымов.

Ал бир тонна жүзүмдөн 70 пайыз шире, 15 пайыз коньяк алууга болорун кошумчалады.

Булак: «Спутник»