Россия менен соода жүгүртүү 3 млрд. 234 млн. АКШ долларын түздү

Акылбек Жапаров менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда транспорт, айыл чарба, маалымат технологиялары, туризм, билим берүү, энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелери каралды.

Акылбек Жапаров белгилегендей, өткөн жылы КРсы менен Россия Федерациясынын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 40,8%га өсүп, 3 млрд. 234 млн. АКШ долларын түздү.

“Мен муну менен токтоп калбоо маанилүү деп эсептейм. Биздин кызматташтыгыбыздын потенциалы кенен. Биз соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле эки өлкөнүн аймактарынын жана субъекттеринин аймактар аралык кызматташуусун бекемдөө үчүн жагымдуу шарттарды түзүшүбүз керек”, — деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө Россия Федерациясы менен маданий-гуманитардык, илимий жана билим берүү тармагындагы байланыштарга өзгөчө көңүл буруп, Россия Федерациясы тарабынан каржыланган 9 жалпы билим берүүчү мектептин республиканын аймактарына курулушу тарыхый учур деп атады.

“Бул Макулдашууга кол коюу менен биз бул долбоорду кийинки жылы баштоо үчүн бекем укуктук жана ченемдик базаны түзүп жатабыз. Бул эки тараптуу мамилелердеги чындап эле тарыхый окуя жана анын күбөсү жана катышуучусу болуу мага чоң ырахат тартуулайт. Бул мектептер биздин республикабыздын сапаттуу билим алган кичинекей жарандарынын экинчи үйү гана болбостон, орус тилин үйрөнүүгө жана аны жайылтууга кошумча жагымдуу шарттарды түзөөрүнө ишенем”, — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Акылбек Жапаров ошондой эле Россия Федерациясы Кыргыз Республикасына өнөр жай товарларын, отун-энергетикалык ресурстарды, медициналык, фармацевтикалык жана химиялык продукцияларды, жыгач материалдарын, машиналарды жана жабдууларды, ветеринардык препараттарды, жаңы технологияларды жеткирүү жагынан жагымдуу экенин белгиледи.

“Перспективдүү багыттар катары биз жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында биргелешкен ишканаларды түзүү, ошондой эле кичи, орто жана ири ГЭСтерди куруу долбоорлорун ишке ашыруу аркылуу кызматташууну арттыруу зарылдыгын көрүп жатабыз”, — деп айтып, өлкөдө бай жаратылыш ресурстары жана жергиликтүү сырьёлорду жана материалдарды колдонуунун негизинде биргелешкен өндүрүш чынжырларын түзүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экендигин кошумчалады.

Сөзүнүн аягында Министрлер Кабинетинин башчысы эки өлкөнүн куткаруу ведомстволорунун ортосундагы тыгыз кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын айтымында, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине гуманитардык жардам катары 40 даана өрт өчүрүүчү унаанын берилиши “мурдагыдан дагы актуалдуу” болду.

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргыз Республикасы Борбордук Азиядагы өнөктөш жана стратегиялык өнөктөш экенин баса белгиледи жана анын айтымында рекорддук деңгээлге жеткен өз ара сооданын өсүшүнүн бекем динамикасын белгиледи.

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйынынын жыйынтыгы боюнча тиешелүү Протоколго кол коюлду.

0 Поделились