Шералы Камчыбеков Жогорку соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана «КРнын судьяларынын статусу жөнүндө» КРнын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Камчыбеков Шералы Равшанбекович 5 жылдык мөөнөткө Жогорку соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Эскерте кетсек, КРнын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Давлетов Айбек Абубакирович өз каалоосу боюнча Жогорку соттун төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.