Ошто 43 окуучу белгисиз затка ууланды

Кечээ, 29-мартта, ошто 43 мектеп окуучусу белгисиз затка ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 43 баланын ичинен 18и ооруканага жаткырылды, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Калган балдар амбулатордук дарыланууга коё берилген. Учурда уулануунун себебин аныктоо үчүн анализдер дайындалды.

Азыркы учурда ооруканада төрт окуучу калып, калган 14ү ооруканадан чыкканын кошумчалады.

0 Поделились