Улустун улуу күнүн майрамдаган – “Алтынкен”
Ишкананын жетекчилиги салтка айлангандай балдарды жана улуу муундун өкүлдөрүн Улустун улуу күнү – Нооруз майрамы менен куттуктады.
22-мартта башкы директордун туруктуу орун басары Ван Кангмин баштаган «Алтынкен» ЖЧКсынын өкүлдөрү Орловка шаарындагы «Нурмейса» балдар үйүнө жана Кемин шаарындагы «Күн шооласы» карылар үйүнө барышты. Майрамга карата эки социалдык мекемеге ишкана тарабынан бирден кой, 100 кг. ун, 10 литр өсүмдүк майы жана ар бири 60 киллограмм болгон ар кандай жемиштердин түрлөрүн алып барышты. Бул күнкү майрамда «Нурмейса» балдар үйү кубанычка бөлөндү. Ишкананын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирүү максатында балдар үйүнүн тарбияла-нуучулары чакан концерт беришип, ыр-бий менен коштолду.
Ал эми, карылар үйүндө жашаган чоң ата, чоң энелер да ишканадан майрамга берилген белекке кубанычын жашыра алышкан жок.
Улуу Нооруз майрамынын шаңы шахтанын аймагында да сезилди. Кеңсенин алдындагы аянтчага боз үй тигилип, ага алгач башкы директордун туруктуу орун басары Ван Цанмин жана профсоюз комитетинин төрагасы Атаянов Медер барышты.
Салт боюнча келген конокторду ишкананын ашпозчусу Гүлмира Түкөмбаева «Умай эненин” образында тосуп алып, арча түтөтүп аластап, жалпы кыргыз элине тынчтык жана жакшылык каалады.
Көчмөндөрдүн түркүн түстүү жасалгаланган боз үйүнүн ичинде дасторкон жайылып, элибиздин дүйүм тамак-аштары коюлган.
Бул жерде да кыргыздардын улуттук тамак-аштарын жана суусундуктарын мыкты даярдоо боюнча сынак өткөрүлдү.
Мелдешке катышкан төрт команданын ар бири келген меймандарды тосуп алып, дасторкон үстүндөгү уздардын колунан даярдалган улуттук тамак-аштын тарыхын айтып, меймандарга тартуулашты. Чыныгы фантазия менен түркүн түстүү кооздолгон идиштер дагы эч кимди кайдыгер калтырган жок.
Мелдештин катышуучулары боз үйгө кирген ар бир адамды ар кандай сыйлуу тамактар менен тосуп алып жатышты.
Ошондой эле күн менен түндүн теңелген “Нооруз” майрамынын табияттын жанданышынын символу – бул жети түрдүү тамак-аш кошулган сүмөлөк да даярдалды.
Ишкананын кызматкерлери улуттук кийимдерди жана көйнөктөрдү кийип, майрамга өзгөчө көрк берип, саймалуу, оймо-чиймелер менен кооздолгон бул көйнөктөр айымдардын сулуулугун даңазалап турду.
Спорттук мелдештердин жана тамак-аш сынагынын жыйынтыгын чыгаруу ишкананын жыйындар залында өтүп, анда компаниянын жетекчилигинин атынан каржы директору Цю Чундэ жалпы кыргыз элин, ишкананын кызматкерлерин Нооруз майрамы менен куттуктады.
Ал өз сөзүндө өткөн оор жылдарга карабастан, «Алтынкен» ЖЧКсынын эмгек жамааты өздөрүнүн жан аябас эмгеги менен алдыга койгон бардык милдеттерди жеңгендигин баса белгиледи.
Ал кесиптик бирлик комитетине майрамды жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бардыгына ден соолук, тынчтык жана компаниянын мындан аркы гүлдөп өнүгүүсүн каалады.
Иш-чаранын соңунда профсоюз комитетинин төрагасы Медер Атаянов ишкананын жетекчилигине Нооруз майрамын «Алтынкен» ишканасында ушундай кеңири форматта өткөрүү демилгесин колдоп, майрамды уюштурууга катышкандардын бардыгына ыраазычылык
билдирди.
Кыргыз жана кытай элдеринин маданияты, каада-салты менен жакындан таанышуу аркылуу гана биргелешкен кыргыз-кытай “Алтынкен” ишканасы өндүрүштө көптөгөн бийиктиктерге жете алат.
Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»