“Ак-Куу” канаттуулар фабрикасынын 57 жылдык тарыхы бар”

Тоок жумурткасы боюнча кластердин жетекчиси, Сокулук районунда жайгашкан «Ак-Куу” канаттуулар фабрикасынын башкы директору Нургүл Малабаевага бир нече суроолор менен кайрылдык.

Финансы системасынын ресурстарын мобилизациялоо боюнча иш-чараларга дем берүү, агрардык секторго колдоо көрсөтүүлөр

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 «Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу жолу менен агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Рес-публикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык Агроөнөр жай комплексин кредиттөө», азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында «Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана жеңилдетилген кредиттөө, лизингге берүү жана анын ичинде ислам принциптери боюнча каржылоо жолу менен: сүт, эт (бодо малдын эти, канаттуулар, балык), шекер, тоок жумурткасы, жашылчалар, жемиштер, картөшкө, өсүмдүк майы, дан эгиндеринин агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү аркылуу агрардык сектордогу чарба жүргүзгөн субъекттерди колдоого багытталган иш-чараларга дем берүү үчүн атайын долбоор кабыл алынган.

Агроөнөр жай кластериндеги агрегатор — бул продукцияны консолидациялоо, продукциянын абалын өзгөртүү (кайра иштетүү, сорттоо, таңгактоо), аны формалдаштыруу (сертификациялоо) жана продукцияны андан ары кошумча нарк чынжырчасы боюнча илгерилетүү (маркетинг жана сатуу) боюнча операцияларды, ошондой эле айланасында кластер түзүлүп жаткан региондук продуктунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана мыктылап кайра иштетүү даражасын жогорулатуу боюнча ишти жүзөгө ашырган кошумча нарк чынжырчасындагы негизги кайра иштетүү ишканалары жана соода-логистикалык борборлор боюнча кластердик курам.

2022-жылдын 5-сентябрына карата “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорунун алкагында 3,4 млрд. сом, анын ичинен “Айыл Банк” ААКга – 1,7 млрд. сом жана “РСК Банк” ААКга – 1,7 млрд. сом бөлүнгөн.

– Нургүл Маликовна, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 «Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн тоок жумурткасы боюнча кластердин жетекчиси катарында кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жатат?

– Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин демилгеси менен агрардык секторду өнүктүрүү тууралуу жарлыктар, токтомдор кабыл алынып,  агрардык азык-түлүк программаларын кандай өнүктүрүү керек деген шарт коюлган эле.

Өткөн жылы сентябрь айында  9 кластер (сүт, эт (бодо малдын эти, канаттуулар, балык), шекер, тоок жумурткасы, жашылчалар, жемиштер, картөшкө, өсүмдүк майы, дан эгиндери) түзүлүп, мамлекет тарабынан 9 млрд. сом бөлүнгөн. Тилекке каршы, ишкерлер, фермерлер, агрегаторлор мындай долбоорго даяр болбогондуктан, акчалай каражаттар пайдаланылбай калды.

Биздин мамлекеттин саясаты туура бараткандыгынын бирден – бир себеби, көмүскөдө ишмердигин жүргүзүп жүргөн компанияларды ачыкка чыгарып, айкын иштөөгө жардамын берет экен.

Мисалы, компаниялар мурда коммерциялык банктардан кредиттерди алып иштеген болсо, азыр мыйзамдын негизинде гана иштеп, РСК, “Айыл банктардан” кредиттерди ала алышат. Мен жогоруда айткандай, өткөн жылы жетише албай калган компаниялар үстүбүздөгү жылы эсеп-кысабын такташып, мыйзамдуу жол менен кредит алууга аракет кылып жатышат.  Өткөн жылы 3 эле компания өтүп, калгандары каражат ала албай калды.

Дегеним, мурдагыдай мамлекетти эч бир ишкер күнөөлөй алышпайт. Себеби, мамлекеттин берген каражаты жогоруда аты аталган эки банкта турат, ишкер мыйзамдуу түрдө иштеп, акчалай каражатын ала берсин.

– Сиз тоок жумурткасы боюнча республикалык кластердин башчысысыз. “Ак-Куу” канаттуулар фабрикасы мамлекеттик долбоордон каржыланып жатабы же мурдагыдай эле ишиңерди улантуудасыздарбы?

– “Ак-Куу” канаттуулар фабрикасы 1966-жылы уюштурулган. Бүгүнкү күндө 57 жылдык тарыхы бар туруктуу өсүп келаткан фабрика. Мурда биз деле башкалардай эле коммерциялык банктардан кредит алып, кем-карчыбызды толуктап, иштеп, өнүгүп  келгенбиз. Фабриканын ишмердиги – калкты жумуртка менен камсыз кылабыз.

2020-жылы ири суммадагы кредит алып, цехтерди жаңырткан элек. Тилекке каршы, “пандемия” болуп, катуу кризис-ке туш болдук. Себеби, Россия, Казакстан чек арасын жаап, кеткен жумурткалар кайра кайтарылып келип, фабрика кыйын абалда турган кезибизде, өткөн жылы сентябрь айында «Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашып, финансылык каржылоону биз дагы алып, кризистен чыгып кеттик. Себеби, биз (жүгөрү ж.б.) тоют алууга жетишип калдык.

Мына быйыл акча жүгүртүүдөн түшкөн кирешеге балапандарды багуу үчүн жаңы агрегат алууга аракет кылып жатабыз. Мурда бар эле, бирок эскилиги жетип калган эле.

Кошумчалай кетсем, кластердик өндүрүүдө агрегаторлор менен чакан компаниялар иш алып барышы керек. Бул чакан компаниялардын өнүгүшүнө, финансылык каражат алууга чоң жардамын берет. Ошондуктан аймактардагы ишкерлер, фермерлер, дыйкандар мамлекет жардам берип, атайын долбоор кабыл алып жаткан учурда, мыйзамдуу иштөө менен мамлекеттин камкордугунда өнүккөн жакшы деп эсептейм. 

– Нургүл Маликовна, сиз жетектеген фабрикадан чыгарылган продукция калкты канчалык деңгээлде камсыз кыла алат?

– Базар экономикасында биздин өзүбүздүн ордубуз, кардарларыбыз, биз менен иштешкен компанияларыбыз бар. Негизинен биз тооктун жумурткасын гана сатабыз. Өткөн жылы 48% өнүккөн болсок, быйыл 15%га өнүктүк десек болот.

Рынок чоң, мамлекет колдоо көргөзүп жатканда мыйзамдуу иш алып баруу менен продукциябызды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрүбүз бар.

– Агрегатор майда компаниялар менен кандай иш алып барат?

– Агрегатор – биздин фабрикадай болгон ири компаниялар. Майда компаниялар агрегаторлор менен келишимдин негизинде кредиттерди алып, өнүгүүгө

мүмкүнчүлүктөрү бар. Алар атайын берген долбоордун негизинде гана ишмердигин өнүктүрө алат. Мисалы, долбоордо жазылган продукциядан башка менен алектене турган болсо, агрегатор тизмеден чийип коюуга мүмкүнчүлүктөрү бар.

– Фабрика канча адамды жумуш орду менен камсыз кылып келет?

– Чындыгында, биздин фабрикада көп жылдардан бери эмгектенген кызматкерлер көп. Жамааттын 20%ы келет кетет, жаштар дагы бар. Өндүрүштүн ишмердиги мыкты кызматкерлерге байланыштуу эмеспи. Ошондуктан биз ар бир майрамды шаңдуу тособуз. Жамаат ынтымактуу, мыкты кызматкерлер бар. Мен 2000-жылы кызматка келгенде фабриканын кызматкерлери 30 жылдан бери иштейм десе таң калдым эле. Мен деле азыр 23 жыл иштеп коюпмун (күлүп).

Фабрика жыл сайын ар кандай викторина, сынактарды уюштурабыз. Мисалы, “Эң чоң ашкабак”, “Мыкты шишкебек” деген сыяктуу же чогулуп алып жайкысын Ысык-Көлгө эс алууга барабыз. Кызматкерлерге 15 сомдон талон беребиз. Аны менен тамактанышат. Фабрика кызматкерлерине көп эле кам көрөт, ошол үчүн көп жылдан бери эмгектенип келишет да.

– Сиз жетектеген фабрика кайра иштетүү менен дагы алектенет деп уктук эле…

– Ооба, 30 тоннадай канаттуулардын кыктары фабриканын ичинде тоодой үйүлүп калган эле. Кандай кылуу керек деген максатта 5 жыл мурда кайра иштетүү жолу менен жер семирткич кылып, калкка таратып бердик. Бүгүнкү күндө кыкка алдын ала жазылып коюп, ташып кетишет.

– Канаттууларды кандай жем, чөп менен камсыз кыласыздар?

– Туура айтасыз, фабриканын тоокторун биз башкалардай кылып, антибиотик менен дарылабайбыз. Кадимки эле чымындын курттарын өстүрүп, жемге аралаштырып беребиз. Себеби, анда протеин көп. Мындан сырткары буудай өндүрүп, жүгөрү бышырып беребиз. Мисалы, адам баласы БАДдарды ичсе, ден соолугу чың болот. А биздин продукция берген канаттууларды ушундай жол менен таза жана ден соолугуна кам көрүп багабыз. Мындай болгон технологияларыбыз ондоп саналат.

– Сиз жогоруда 2020-жылы атайын техникалык жабдууларды алып, кризиске кабылдык дедиңиз го. Ал эмне деген технология эле?

– Алган техникалык жабдуулар дүйнөдөгү №1 болгон жабдуу. Эгерде, биз мурда жумурткаларды колубуз менен терип, идишине бирден салып келген болсок, бул жабдуунун негизинде жумурткалар тизилип, техниканын жардамы менен идиштерине салынып, даяр чыгат. Цехтен чыгымы жок сынбай жыйылып калат. Бүгүнкү күндө замандын талабына жараша өнүгүүнүн жолундабыз деп айтсак
болот.

Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»

• «Ак-Куу» ААКсы (Сокулук канаттуулар фабрикасы) 1966-жылы мамлекеттик ишкана катары уюшулган, Кыргыз ССРиндеги 12 канаттуулар фабрикасынын бири болгон. Кыргыз мамлекетинин борбору — Бишкек шаарынан 30 км батыш тарабында Сокулук айылында жайгашкан. Ушул сыяктуу ишканалардай эле экономика өнүгүп, өндүрүшү жылдан-жылга көбөйгөн.

• 1993-жылы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 1993-жылдын 27-апрелиндеги токтомуна ылайык, «Ак-Куу» ААКсы болуп өзгөртүлгөн.

• СССРдин кулашы жана тоют кошумчаларын жеткирүү боюнча бардык келишимдердин жокко чыгарылышы менен жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздигинен улам «Ак-Куу» ААКсында өндүрүш 1996-жылдын аягында токтоп калган.

• 1999-жылы фабрика кайрадан ишмердигин улантып, өндүрүш эмгек жамаатынын жана жетекчилигинин зор аракеттери менен акырындан, бирок, туруктуу өсө баштаган. Фабриканын негизги максаты калкты жаңы жумуртка менен камсыз кылуу болгон. Кошумча продукт тоок эти болгон.

• Канаттуулар фабрикасынын кубаттуулугу долбоору – жылына 100 миллион жумуртка өндүрүү менен 440 миң жумурткалоочу тоокко эсептелинген.

• Фабрикада өндүрүштүн ка-таал айлампасы бар, башкача айтканда, технологиялык калдыктарын кайра иштетип, тоют кошумчаларына (жумуртка массасы, эт жана сөөк уну, зоохумус) айлантып келет.

• Заманбап биотехнологиянын  өндүрүшү биздин республикада адамдын жашоосунда негизги ролду ойной алат.

• Биздин долбоор экологиялык жактан таза органикалык калдыктарды утилдештирүү жана кайра иштетүү.

ААК «Ак-Куу» 2023-жылдын 21-апрелинде саат 15:00дө акционерлердин жылдык жалпы чогулушу Сокулук айылы, Краснодарская №1 көчөсү
дарегинде өтөөрүн маалымдайт

КҮН ТАРТИБИ:

1. Эсептөө комиссиясынын сандык курамын бекитүү жана эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо.

2. Коомдун 2022-жылдагы финансылык-чарбалык иши боюнча жылдык отчетун бекитүү, жылдык балансты, киреше жана чыгашалар жөнүндө отчетту бекитүү.

3. Коомдун Текшерүү комиссиясынын отчетун бекитүү жана 2022-жылга көз карандысыз аудитордун корутундусун бекитүү.

4. 2022-жылга коомдун кирешесин бөлүштүрүү жана дивиденддерди төлөө тартибин бекитүү.

5. Ишкананын 2023-жылга жылдык бюджетин бекитүү.

6. Коомдун Директорлор Кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо

7.Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо.

8. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жана Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө 2023-жылга сый акылардын жана компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмүн бекитүү.

9. Коомдун Аткаруучу органына бир жылдык мөөнөткө активдердин баланстык наркынын 20 пайызынан 50 пайызына чейинки суммадагы өндүрүштө колдонулуучу тоюттарды жана башка компоненттерди жеткирүү боюнча бүтүмдөрдү түзүүгө укук берүү.

10. Коомдун ортодогу  жер участокторун жана мүлкүн Крупская атындагы айыл өкмөтү менен алмашуу.

Тизме түзүү датасы: 2023-жылдын 21-апрели.

Чогулуштун материалдары менен Коомдун бухгалтериясынан төмөнкү дарек боюнча таанышууга болот: Сокулук айылы, Краснодарская №1 көчөсү.

Сурап билуу телефону: 0554 03-19-66; 0505 66-36-41.

Акционерлерде өздүгүн тастыктоочу паспорт, акционерлердин өкүлдөрүндө – ишеним кат жана паспорт болушу зарыл.

ОАО»Ак-Куу» сообщает о проведении годового общего собрания акционеров, которое состоится 21апреля 2023 года в 15.00 часов
по адресу: с.Сокулук, ул. Краснодарская, 1.

ПОВЕСТКА ДНЯ:

1.Утверждение количественного состава и избрание членов счетной комиссии.

2. Утверждение годового отчета о финансово-хозяйственной деятельности общества за 2022 год,  утверждение годового баланса, отчета о прибылях и убытках.

3. Утверждение отчета Ревизионной Комиссии общества и утверждение заключения независимого аудитора за 2022 год.

4. Утверждение порядка распределения прибыли и выплаты дивидендов общества за 2022 год.

5. Утверждение годового бюджета общества на 2023 год.

6. Избрание членов Совета Директоров Общества.

7. Избрание членов Ревизионной комиссии.

8. Утверждение размера выплат вознаграждения и компенсации членам совета директоров и членам ревизионной комиссии за 2023 год.

9. Предоставление права Исполнительному органу Общества заключать сделки на поставку кормов и других компонентов используемых в производстве стоимостью от 20 до 50 процентов балансовой стоимости активов, сроком на один год.

10. Обмен земельных участкови имущества общества между а/о им. Крупской.

Дата составления списка 21 апреля 2023 года.

С материалами к собранию можно ознакомиться в бухгалтерии Общества по адресу: с. Сокулук, ул.Краснодарская 1.

Справки по телефону 03134 6-02-27; 0505 66-36-41.

Акционерам при себе иметь паспорт, представителям акционеров — доверенность и паспорт.

0 Поделились