УКМК: Эл аралык террордук топтун мүчөсү делинген жаран кармалды

Эл аралык террордук топтун мүчөсү делинген 22 жаштагы кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттин комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жаран чет жерде жүрүп, Кыргызстандан адамдарды жана медициналык жабдууларды Сирияга жөнөтүү аракеттерине кол кабыш кылган. 2017-жылдын март айында согушкерлер башчысы С.Мухтаровдун (каймана аты «Абу Салох») буйругу менен кармалган жаран террор чабуулдарын жасоого жана пландоого жардам кылуу максатында Кыргызстанга келгендиги аныкталды.

Учурда тергөө органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, кармалган жаран УКМКнын тергөө жайына киргизилди.