Жел маалыматты коюп, жер иштетели
Кыргызстанда акыркы 10-15 жылда дан эгин аянттары кыскарып, буудай, ун жагынан башка өлкөлөргө болгон көз карандылыгыбыз өстү. Ошол себептен бүгүнкү күндө 1 килограмм ундун орточо баасы 35-40 сомго, ун азыктарынын килограммы 60-70 сомго чейин жетип отурат.
Эске салсак, март айынын башында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков “Российская газетага” маек берип жатып 2022-жылы Кыргызстан азык-түлүктүк буудай менен өзүн өзү 78 пайыз камсыздай алууга жетишкенин кабарлаган. Ошондой эле министрлик Россия Федерациясынын Бириккен дан компаниясы менен азык-түлүктүк, үрөндүк буудай боюнча бирдиктүү ишкана түзүү боюнча тыгыз кызматташып жатканын билдирген. Албетте, ылайым министр мырза айткандай, өзүбүз өндүргөн буудай көп болуп, токчулук эле болсун дейли. Бирок, Кыргызстан жылына 1,2 млн. тонна буудай керектээрин эске алганда, министр мырзанын айтканы боюнча Кыргызстан былтыр 936 миң тонна азык-түлүктүк буудай өндүргөн болот. Ошол эле кезде мурдагы айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Тилек Токтогазиев “Азаттыкка” берген маегинде Кыргызстан жылыга 300 миң тоннага жакын гана дан өндүрөрүн айткан. “80-жылдары колхоз-совхоздор катуу иштеп, дизелдик отун, жер семирткичтер, техникалар жана сугат менен көйгөй жок кезде – тарыхта эч качан 600 миң тонналык көрсөткүчкө жеткен эмес экен. Азыр 600 миң тоннадан ашык деп көрсөткөнү жалган. Анткени, илгери арпа менен буудайды көп эксе, азыр дыйкандар жүгөрүгө, бедеге жана башка эгиндерге өтүп кетишкен. Талааларды көбүнчө башка максаттарга колдонушат”,-дейт ал. Экс-министр Т.Токтогазиев айткандай, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн көбүртүп-жабыртылган эмес, объективдүү, реалдуу маалыматтарды көрсөтүүбүз керек.
Ал эми министрликтин жакынкы маалыматтары боюнча быйыл 667, 7 миң гектар жерге дан эгиндери айдалып, ал былтыркы жылга салыштыршмалуу 19 миң гектарга көп болот. Ошол эле кезде Айыл-чарба министрлигинин Суу чарба департаментинин жетекчиси Алмазбек Сокеев СССР маалында Кыргызстандагы сугат жерлердин жарымынан көбү эгин болгонун, бүгүнкү күндө эгин ашып кетсе 200 миң гектардын тегерегинде гана айдаларын билдирген. Демек, жогоруда айтылып жаткан 667,7 миң гектар дан эгининин басымдуу бөлүгү тоют багытындагы өсүмдүктөр. Ушундай себептерден улам Кыргызстан көп жылдар бою ун менен өзүн 40-50 пайызга гана камсыздап келе жатат. Акыркы жылдары Кыргызстан Россия, Казакстан, Өзбекстан, ал тургай алыскы Түркиядан да буудай импорттоп, өткөн жылы Пакистан, Кытай мамлекеттеринен да ун сатып алган. Мунун өзү эле мамлекетибиздин азык-түлүктүк, тактап айтканда, ун, ун азыктары коопсуздугу жагынан дагы деле кооптуу абалда экендигибизди далилдеп турат.
Кыргызстанда жалпысынан 1 млн. 287 миң гектар сугат жер бар болсо, 2022-жылы өлкө боюнча жалпы 1 млн. 229 миң гектар жер айдалган. Бирок, ирригациялык системаларыбыз көп жылдардан бери талапка ылайык оңдолбогондуктан, айдалган айдоо аянттарынын көбү эл күткөндөй түшүм бербей келет. Албетте, былтыр Россиядан элиталык буудай үрөнүн алып айдадык. Бирок, андан ойдогудай түшүм алыш үчүн талапка жооп берген жерге айдап, талапка ылайык багуу кажет. Тилекке каршы, дыйкандардын айрымдары үрөндүк буудайды ага ылайык келбеген аянттарга айдап койгон фактылар көп. Муну жана буудай аянттарыбыздын жыл санап кыскарып бара жаткандыгын эске алсак, буудай, ун, ун азыктары жакынкы жылдары арзандабайт. Ал ортодо көп балалуу үй-бүлөлөргө бир кап унду 1600-1700 сомдон, ун азыктарынын килограммын 60-70 сомдон сатып алуу кыйын болууда. Элеттеги беш-алты балалуу үй-бүлө бир айда эки кап ун керектерин эске алсак, ун, ун азыктарынын азыркы баасы карапайым эл үчүн кымбат. Ата-бабаларыбыз “бок жаман эмес, жок жаман” дегендей, кымбат болсо да ундун болуп турганы жакшы. Ошентсе да эл аралык жаңжалдар күчөп, климат туруксуз болуп турган маалда Кыргызстан өз нанын өзү табууга аракет кылышы керек. Бүгүн эгини мол болуп турган Россия, Казакстанда кокус кургакчылык болуп калса алар 2020, 2022-жылдардагыдай буудайын сыртка чыгарбай деле коёт.
Мелис СОВЕТ уулу