Меркелдин партиясы парламенттик шайлоодо жеңип чыкты

Германиядагы парламенттик шайлоодо канцлер Ангела Меркелдин блогу — Германиянын христиандык-демократиялык союзу добуштардын 33 пайызын алып, жеңишке жетти. Бул туурасында РИА Новостиге шилтеме жасап, «Спутник» жазып чыкты.

Ал эми шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 76,2 пайызы келгендиги айтылды.

Ошентип парламентке 20,5 пайызды алган Германиянын социал-демократтары жана 12,6 пайыз добушка ээ болгон оңчулардардын «Германияга альтернатива» партиясы кирди.

Добуш берүү аталган мамлекеттин 299 шайлоо тилкесинде жүргөн. Андан сырткары, 5 пайыздык босогону өткөн Эркин демократиялык партия 10,7 пайыз, «Солчулдар» 9,2 пайыз, «Жашылдар» 8,9 пайыз алган.